www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын төрагасы, мурдагы депутат, саясатчы Ахматбек Келдибеков, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Раим Матраимов тууралуу билдирүүсүн күлкү келтире турган мамиле катары баса белгиледи. 

--Ахматбек Келдибекович, мурдагы президентибиз Атамбаев Раим Матраимов тууралуу үн катып, "тергөө адилеттүү болушуна ишенбейм",  деген оюн билдирди. Бул канчалык деңгээлде негиздүү пикир? 

--Алмазбек Атамбаев өтө негизсиз ойду айтыптыр. Чындыгында,  соттор адилетсиз чечимдерди чыгарган системаны так ошол Атамбаев өзү түзгөнү жалганбы, же унутуп калдыбы? Өзүнүн саясий оппоненттерине "заказ" менен гана иш алпарган соттор аркылуу өч алганы жалганбы? Алмазбек Шаршенович, УКМКга, Башпрокурорго, сотторго түздөн-түз буйрук берип, Атамбаевдин оюна кошулбаган, ага кошоматчылдык кылбаган эр-азаматтарды мыйзамдарды тебелеп-тепсеп туруп куугунтуктап, соттотуп, акырында каматканын унутуп калса ай сайын эскертип туралы. Ошондуктан, бүгүнкү күндөгү өлкөдөгү болуп жаткан саясый окуяларга жооптуу адам катары Атамбаев жана анын командасы тергөө жана сот адилеттүүлүгү жөнүндө сүйлөм эмес, сөз да айтканга моралдык укугу жок.

 - Акыркы күндөрү коомчулукту дүрбөлөңгө салып Раим Матримовдун сот процесси ар түрдүү пикирди жаратууда. Алмазбек Атамбаев Раим Матраимовду коррупциянын символу катары сыпаттап жатат...

--Башка айтса да, ушул Атамбаев коррупция жөнүндө сөз кылбай эле койсунчу. Дача-СУ, "Лигласс", "Датка-Кемин", Ош-Бишкек альтернативалык жолу, музей жана Бишкек ЖЭБдагы космостук масштабдагы коррупциялык схемалар аныкталды. Өзүнүн башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көргөн Атамбаев жана анын командасы кайсы беттери менен коррупция жөнүндө сөз кылып жатышат деги? Кезинде Атамбаев өзү бажы тармагынан түшкөн каражат эселеп көбөйдү деп, Матраимовду мактап жүргөн. Эми эле бийликтен кеткенден кийин, анын кайра сот аркылуу кызматына кайтып келүү аракетине өтө ич күйдүлүк менен карап, соттук чечимдин туура эместигин айтып жатат. Себеби, Атамбаев дагы деле бажы тармагын көзөмөлдөп, мурдагы ууру схемаларын пайдаланууну көздөп жатса керек. Бирок, жаңы бийлик, жаңы президент андай нерсеге жол бербейт деп ишенем. Ал эми соттун чечимине кайрылсак, сот тармагына тиешеси бар жана компетенттүү эксперттерден сурасам, алардын айтуусунда Исаков өз кезинде Р.Матраимовду эч бир жүйөөлүү себептерсиз же бир комиссиянын чечимисиз эле кызматынан алып салганын белгилешти. Анын үстүнө, ошол эле Атамбаев өзү деле далилдеди - "мен Сапар Исаковго айтып, Матраимовду кызматтан алдыргам! " деп. Демек, сот ошол жагдайларды эске алып, Эмгек кодексине жана башка мыйзамдарга таянып, туура эмес ирээтте жумушунан алынган адамды, кайрадан кызмат ордуна кайтаруу чечимин кабыл алыптыр деп эсептейм. 

--Баса, Алмазбек Шаршенович Сизди дагы коррупционер деп кылтакка илген. Тилекке каршы, өзүнүн жанынан чыныгы коррупционерлердин башы кылтыйып чыгып, бир нечеси камакка алынды. Демек, "карышкыр кой кайтарып жүргөн"....

--Чындыгында, кезинде, менин башымдан мындан да оор нерселер өттү. Ошонун баарын "Кудайга койдум" деп айтканым баарыңыздарга маалым. Мына, бүгүн ошонун баарын тарых өзү тастыктап жатканына сиз менен биз күбө болуп жатабыз. "Ким ууру жана ким тууру" экени Атамбаев жана анын командасы бийликтен кеткенине жарым жыл боло электе эле ашкереленип калды. Таба эмес, тообо кылалы!

- Рахмат.

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости