www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Археолог-илимпоз Орозбек Солтобаев Кыргызстанда “кара археология” гүлдөп, баалуу мурастар, экспонаттар уурдалып, сатылып кетип жатканын айтып коңгуроо кагат. Анын айтымында, элдин назары Тарых музейиндеги уурулуктарга өзгөчө бурулуп турганы менен, ал учурда жер-жерлердеги тарыхый баалуу мурастар да уурдалып-тонолуп кетип жатат. Археолог 2015-жылы уурдалып кетип, англиянын Совтбис аукционунда сатылган буюмдар жөнүндө айтып, бир да жолу прокуратуранын, УКМКнын, ИИМдин ж.б. кызматкерлери кызыгып да койбогонуна таң калат. Маселен бир баалуу экспонат ошол аукциондо 500 миң доллардын тегерегинде сатылып кеткен.

Мындан тышкары, дагы бир чоң музей-комплекстин баалуу экспонаттары уурдалып кеткен. Бул боюнча илимпоз расмий жерлерде айтып келе жатканы менен, бирок бирөө да кызыгып койгон эмес.

Археолог Таластагы Кең-Кол көрүстөнүндөгү байыркы петроглифтер катылган мурас таштар уурдалып кетип жатканын өз көзү менен көргөнүн айтат. Мындай окуяны ал 2011-жылы байкаган. Учурда ал жерде 61 гана таш калган.

Былтыр Баткенге көмүлдү делген мумиянын да сатылып кеткендиги тууралуу күдүк пикирлер көп болууда. Илимпоздор өздөрү да анын чындап көмүлгөнүн же көмүлбөй калганын билишпейт. Мумияны көмүү боюнча шашылыш чечим чыгарып, музейден сырдуу жагдайда алып чыгып кетишкен. Андан аркы тагдыры белгисиз ойдон калган, көргөн-билген күбөлөр да, фото-видеодокументтер да жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости