www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыскасы, саламым Акмат акеме жетсе керек. Ашык болгон "Аккуланы" берсе керек, деп жакшы ниет кылып коеюн. Негизи, ат жалында ойногон, көчмөндүн каны бар жигиттерде атка ашык болбогону болбосо керек», - деп Руслан Бекназаров Келдибековдун атына асылганын койгон жок. Ал тургай биздин редакцияга чалып, «Азыр Алайдын жайлоосунда үйүр айдап, жалдары жибектей жайылып, туйлап арыш алганда таштар чачырап жүргөнүн уктум. Келдибековдун «Аккуласына» чын эле ашыкмын» деп айтты.

Эске сала кетсек, Алай эли буга чейин президенттикке аттандырып, Ахматбек Келдибековго ак боз ат мингизип батасын берген эле. Кечээ жакында эле айрымдар күлүктүн кыгына чейин санап, ал тургай ижарага алынган экен деп сөз кылып жиберишкен.

Кыскасы, так ошол күлүккө атактуу Азимбек Бекназаровдун баласы ашык болуп эки күндөн бери Фейсбуктан коңгуроо кагат. Бул кабар боюнча агасына, инисинин каккан коңгуроосу жеттиби же жокпу белгисиз...Күтө туралы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости