www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абаддагы Ооган жана Баткен согушунун катышуучулары шайланып келген шаардык кеңештин депутаттарын бөлүнүп-жарылбай, партиялык-саясий амбицияларга берилбей, шаар жана шаардыктардын гана кызыкчылыгында иш алып барууга чакырышты. Бүгүнкү маалымат жыйынында алар шаардагы түзүлгөн абалга терең тынчсызданып жатканын билдиришти.

Ооган жана Баткен согуштарынын катышуучу-ардагерлери өткөн жылдын декабрынан бери өз ара жаатташып, элге берген убадаларын унуткан, өздөрүнүн партиялык-саясий кууш кызыкчылыктарынан алыс кете албай, шаар турмушун кыйынчылыктарга кептеген шаардык кеңештин депутаттарын айыпташып, өздөрүнүн нааразылыктарын билдиришти.

Ошондой эле, аларды биримдикке чакырып, шаардын көйгөйлүү маселелерин чечүүгө чакырышты. Ооган согушуна катышкан жоокерлердин шаардык кеңешинин мүчөсү Орозалы Сартбаев депутаттар – элдин кызматчысы, алар бир гана элдин кызыкчылыктары менен жашашы керектигин айтып, азыркы шаардык кеңештин шайланып келген депутаттарынын шаардыктардын көйгөлөрүнө көңүл бурбаганына, шаардагы түзүлгөн абалды капарга да алып коюшпаганына таң калганын жашырбады.

Ал эми Баткен согушунун катышуучулары Рустамбек Амиракулов менен Жыргалбек Алымжан уулу шаардагы бюджеттик мекемелер, мектептер жана балдар бакчалары, социалдык-маданий уюмдар шаар бюджетинин бекитилбей жатышынан жабыр тартып жатышканына кейигендигин билдиришти. Ошондой эле алар шаар деңгээлинде партиялык тизме менен шайлоо өткөрүү өзүн актабай жатканын, себеби партиялар элди гана бөлүп-жарбастан, ошондой эле жалпы шаарга тоскооолдуктарды жарата турганын ачык айтышты.

-Биз шаар деңгээлинде партиялык тизме менен эмес, көп мандаттуу округдардан депутаттарды шайлап, шаар маселелерин өз убагында чечип алганга шарт түзө турган системаны киргизишибиз керек. Партиялык тизме менен шайлоолор шаардык кеңештин курамына таптакыр эле даярдыгы жок, деңгээли өтө төмөн депутаттардын келип калышына жол ачат экен.

Буга биз каршыбыз, - дейт алар. Ооган согушунун ардагери Апсамат Исакулов депутаттар дегеле элдик кызыкчылык деген эмне экенин билбей жаткандарына таң калып, мындай кишилерге мандат берген туура болбостугун айтты. Ооган жана Баткен согушунун катышуучуларынын демилгелүү тобу бардык ооганчылар жана баткенчилер атынан азыркы шайланып келген депутаттарды биримдикке, мунасага келүүгө жана шаарды кыйынчылыктардан алып чыгып кетүүгө чакырышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости