www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул жылдын 19-мартынан тартып Кыргызстанда Prime TV жаңы телеканалы ишин баштады. Бул туурасында аталган көз карандысыз телеканалдын башкы директору Мариф Парпиназаров маалымдады. - Кыргызстандагы телеканалдар санариптик көрсөтүүгө өткөндөн кийин “ОшПирим” телеканалы бүтүндөй республиканын аймактарында көрсөтө баштады.

Ошондуктан, аталышын өзгөртүп, аны Prime TV деп атадык, - деди көз карандысыз телеканалдын башкы директору Мариф Парпиназаров. – Ошентип, телеканал мындан ары маалымат жана алаксытуучу мүнөзгө ыктамакчы. Негизги басым кыргыз маданиятына жана тилине жасалат. А телеканалдын башкы кеңсеси мындан ары Бишкек шаарында жайланышат. Баса, Prime TV телеканалында тарых, салт-санаа жана маданият темалары тынбай козголуп, мунун 80 пайызы өздүк материалдар менен коштолот. Жаңы телеканалдын Бишкек шаарындагы кеңсесин белгилүү журналист Назира Ахмедова жетектейт.

Булак: «Майдан.kg»

Последние новости