www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин КСДП партиясынын курултайы өтө турганы боюнча маалыматтар айтылып келди. Ал курултайдын мөөнөтү дагы улам-улам аркага жылдырылып турганын да жакшы билебиз. Эмне себептен анын мөөнөтү улам-улам жылдырылып атканынын да себебин партиянын өкүлдөрү жөндөп түшүндүрүп бере алышкан эмес. Анан акыры 31-мартта курултай өтө турганын жар салышкан. Бирок, бул күнү дагы КСДПнын курултайы эмес, жөн гана партиянын чоң жыйыны боло турганы айтылууда. Ишенимдүү булагыбыздын кабарлашынча, партиянын конференциясы өтөт. Бирок, ошол конференцияда эле Алмазбек Атамбаевди партиянын лидерлигине шайлап коюу аракетин жасашат. Эмне үчүн?

Буга чейин Бишкек ТЭЦинде болуп өткөн кырсыктан кийинки коррупциялык элементтердин калкып чыкканы курултай эмес, жөн гана партиянын конференциясын өткөрө салуу менен А. Атамбаевди лидерликке түртө салууга аргасыз кылып жатса керек.

Дал ошол ТЭЦтин модернизацияланганынан кийин А. Атамбаев анын ачылышына барып, “Биз кредит алгандан коркпошубуз керек. Айрымдар эмнеге кредит алып атасыңар дешет. Муну алгандан коркпош керек” деп айткан эле.

Ошентип Кытайдан алынган кредитке, 386 миллион долларга модернизацияланган ТЭЦ бир жолку кышка чыдаган жок. Ошондон кийин ага коюлган бир видеокамеранын баасы 14500 доллар, бир кычкачтын баасы 650 доллар болуп документтештирилгени билинди. Муну баарын ошол убакта мамлекет башында турган Атамбаев билбей калышы мүмкүн беле? Ишенүү кыйын.

Андыктан мына ушул ТЭЦтин айланасындагы коррупциялык схемалар Атамбаевдин да авторитетине көө сүйкөгөнүн танууга болбойт. Муну саясатты жакшы түшүнгөн ал баамдап тургандыктан, партиянын курултайын өткөрсө, анда ага келген делегаттар аны лидерликке колдобой кое тургандыгын аңдап турат. Ошондон улам ал курултай эмес, партиянын конференциясын өткөрүү менен эле өзүн партия лидерлигине алып келүү аракетин көрүп жаткансыйт. Бул жыйынга баш-аягы 100дөн ашыгыраак эле киши катышаары күтүлүүдө. Курултай өтүш үчүн жер-жерлерде партиянын конференциясы өтүп, “Партиянын лидерлигине баланчаны көрсөтөбүз, курултайга баланча делегат барат” деген чечимдер чыгышы керек эле. Андай иш-аракеттер да жасалган эмес.

Ошентип ал “Делегаттар шайлабай коюшу мүмкүн” деген коркунучтан улам, элдин, өзүнүн жер-жерлердеги партиялаштарынын көзүн будамайлап, 100дөн ашык адамдын эле добушу менен партия лидери болуп келүүгө камынып тургансыйт. Ошентип өз партиялаштарынан чоочулап, алардын ишениминен чыгып баратканын билген экс-президент “самозванец” болгону турат окшойт...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости