www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 31-марттагы КСДПнын курултайында партиянын төрагалыгына шайланып, кайрадан саясатка аралаша турганы кабарланууда. Бирок, мындай маалымат коомчулукта терс пикирлерди жаратып, керек болсо “АШАны камаш керек” деген талаптар жаңырууда.

Кыргызстандагы абройлуу саясатчылар, эксперттер да экс-президенттин кайрадан саясатка башын тыгышы кечирилгис ката экенин кулак кагыш кылууда. Мурдагы тышкы иштер министри, коомдук ишмер Аликбек Жекшенкулов да жергеликтүү басылмалардын бирине маек берип ушундай пикирин билдирген.

Аликбек мырза, Атамбаев кайрадан саясатка аралашса коомдо интрига күчөп, бөлүнүп-жарылуу күч аларын билдирген. “Атамбаев акылмандык кылып саясаттан өзү кетип калышы керек. Ошондо аброюн сактап калганга мүмкүнчүлүк түзүлөт. “Жок мен саясатка кайра келем” десе, анда өкмөттө, парламентте, коомдо да тирешүүлөр, бөлүнүп-жарылуулар көбөйөт. Ансыз деле 7 жылда эмнени кыйратты?”, - дейт ал.

Ошондой эле А.Жекшенкулов Атамбаевдин 6 жылдык башкаруусунда коомдо интрига күчөп кеткенин жашырган эмес. “Бир дагы завод салынган жок, жаңы жумушчу орундары пайда болбоду. Жакшы программалар жазылды, бирок ишке ашпады. Коомдо карама-каршылык, ушак-айың, интрига күчөп кетти. Бул өтө кооптуу көрүнүш. Кыргыздар ансыз деле алакандай элбиз. Бөлүнбөй-жарылбай, биримдикке келишибиз керек”, - деген экс-министр, коомдук ишмер, Аликбек  Жекшенкулов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости