www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

25-март 2017-жыл, күндүзгү саат 12:30 
Казакстан менен Кыргызстан чектешкен Ак жол чек ара постунан өлкөгө кирип келе жаткан жеринен кармап, түз эле УКМКнын абагына алып кетишти. 
Кечки саат 23:30 УКМКнын убактылуу кармоо жайына 48 саатка камашты.

26-март 2017-жыл, күндүзгү саат 12:00
Дем алыш күн экенине карабастан Биринчи май райондук сотуна алып барышып, соттун чечимин чыгартышып, дароо Кыргыз Өкмөтүнө караштуу СИЗО-1 ге которушту. 
(Ушул жерден эскерте кете турган нерсе, кылмыш ишти УКМК козгоп жаткандан кийин, сөзсүз түрдө УКМКнын гана абагында кармалыш керек эле. Мындан тышкары Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин эки жолку депутаты, Комиссар да болгон. Демек, бийлик Садыр Жапаровдун көзүн тазалаш үчүн СИЗО-1 ге которушту деген ойго жетеленесин)

27-март 2017-жыл 
Бийлик өкүлдөрү ММКлар аркылуу Садыр Жапаров спец камерага жабылды. Ал камерага баардык жагынан видео көзөмөлдөр орнотулду. Садыр Жапаровдун коопсуздугу толук корголду деп жарыялашты.

2-апрель 2017-жыл.
Эртең мененки саат 05:00 Садыр Жапаровдун моюну, колу кесилип, номер 47 чи колониясынын ооруканасына түштү. Бийлик өкүлдөрү дароо эле Садыр Жапаров өзүн-өзү кесип алыптыр, түшүнүк кат жазып берди дешип, коомчулукка актанышты. Ал тургай видео тасма аркылуу өз оозунан дагы айттырышты.

10-апрель 2017-жыл
Садыр Жапаровдун адвокаты Ш.Токтосунов официалдуу түрдө Садыр Жапаров жаткан камерага орнотулган видео көзөмөлдүн көчүрмөсүн берүү талабын коюп, ГСИНге кат менен кайрылды.

20-апрель 2017-жыл
ГСИН болсо ал видео жазуулар өчүп кетиптир деген шылтоо менен видео тасманы берүүдөн баш тартты. 
(Суроо талап жана жооп каттар)

Садыр Жапаров 2005-жылдан бери Күмтөр элдин пайдасына иштесин деп күрөшүп келет. 
2012-жылы Жогорку Кеңештин депутаттарынан турган комиссия түздүрөт. Өзү башында туруп, текшерип чыгып, 20 жылдык коррупциялык иштеринин баарын ачат. Кыргызстанга пайдасынан зыяны көп экенин, Нарын эли цианид аралаш суу ичип жатышканын, жаратылышыбызды талкалап, 5 миллиард доллар зыян келтиришкенин далидеп берет. 
Президент Атамбаев болсо миң тонна алтыныбыз ит бекер чыгып кетиптир деп кейиген жайы бар. Бирок эмнегедир бүгүнкү күнгө чейин Кумтөр маселеси чечилбей келет. Садыр Жапаровду камагандын ордуна миңдеген тонна алтындарыбызды ташып кетип жаткандарды камашпайбы деп суроо салгандар көп. Жооп жок.

Акин Токталиев

Булак: NazarNews.kg

Последние новости