www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, Курултайга жети облустун элинин делегаттары,саясатчылар жана бүгүнкү баш аламан башкаруудан жадаган,кыргыз элинин келечегине тынчсызданган эл чогулду. Мурдагы жана азыркы башчылар Батыштын жетегинде Улуттун Уңгулуу Жолунан адашып жүрүшкөндөрүн мойнуна алгандарын көрүп кубандым. А Бекназаров чогулушту башкарып, Р.Отунбаева элдик курултай институтун киргизбесек бийлик менен эл экиге бөлүнүп калыптыр деп айтып чыкты.

Атамбаевдин сөзүн жалпы журт уккан бир кезде Отунбаева президент, А Атамбаев баш министр, Бекназаров генпрокурор болуп биздин сөзгө кулак кагышкан эмес. Каталарын эми оңдосо кеч болгон жок.

Мекенчил азаматтардын башы да биригип ар кандай коом, уюм партияларда жүрдү. Биз билген белгилүү саясатчы Мукар Чолпонбаев башында турган «Кыргызстанды сактоо кыймылында» «Эл сөзү» деген гезит чыгарып турдук. Митинг, пикет сыяктуу иш чараларды жасап жүрдүк. Бүгүн, 100дөн ашык коом, уюмдар бир күчкө чогулганы эми чындап жаңы замандын келишинен кабар берип турат. 

Ушул ырды алты жыл мурда жазгам, бүгүн жазсам деле айтар оюм ушул болмок. Курултайды кошуп туруп 1993-жылдагы баш мыйзамды кайра алып келсе неге болбосун.

Арыз укпайт деп кызы ушулОтунбайдын,
Ак үйдүн эшигине отурбаймын. 
Өчөшүп өкүмөткө, парламентке, 
Өзөрүп өлчүлөргө кошулбаймын.

Аралашкан адалы арамына,
Алдуусу жырткыч болгон чабалына. 
Чакырамын күрөшкө кыргыз элин, 
Чайкоочулар чайкаган заманына.

Ириткен ийри жылан ичибизде, 
Батыштын батып барат тиши бизге. 
Партия, партиялап балта чабат, 
Баш кошуп туу көтөрчү күчүбүзгө.

Жыйырма жыл чыдап келдик чыдабайбыз,
Жылмакай шылуундарды кубалайбыз. 
Ак калпак кыргыз эли өзү чечет,
Ар кимден акыл, акча сурабайбыз.

Кадырман сөзү өтөт деп балдарына, 
Кайрылам жашы өйдөлөп калганыңа.
Ээрчип келдик жыйырма жыл шүмшүктөрдү, 
Ээрчип дагы алданып калбагыла.

Мыйзамын 93тун кайра апкелип, 
Мырзаларды бүгүнкү талдап көрүп. 
Отургузуп көрөлү түрмөлөргө, 
Отургузбай бийликке мандат берип.

Кадырбек Керимбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости