www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда “Болайык бирге” аттуу дуэт ырды аткарып, хитке айланган чыгарманын аркасы менен учурда эң белгилүү ырчылардын катарын толуктап, тынымсыз концерт берип жүргөн жаш ырчы - Куандык Рахым. Куандыктын аркасынан “Плагиат ырдын аркасы менен жылдыз болду” деген сөздөр ээрчисе да, ал бул кептердин айтылганына толугу менен кошулат. Себеби, бул чыгарма Куандыкты чынында жылдызга айлантып салды.

- Салам, Куандык! Таанымал жылдыздардын бирине айландың. Өз боюңдан кандай өзгөрүүлөрдү байкап жатасың?

- Эч кандай өзгөрүү болгон жок. Себеби, баарын жаңыдан баштап жаткандан кийин мындай нерселерге ойго да келген жок. Жаш пенде болгондон кийин менде кичинекей бир нерсе табыла турган болсо кечирим сурайм.

- Сенин пикириңде казак жигити кандай болуу керек?

- Кандай гана кырдаал болбосун эл үчүн өз пикирин билдирип, мекени үчүн кызмат кылган патриот болушу керек деп эсептейм. Мындай агаларым абдан көп. Бирок, чыгармачылык жаатта Сакен Майгазиев байкемди билем.

- Сен арыла албаган кандай кемчилигиң бар?

- Жалкоолук. Абдан жалкоомун. Акырындык менен жумуш жасап жүрөбүз. Бирок, башка адам болгондо ал мендегидей иштей турган болсо анда, 10 эсе көп жумуш иштемек деп ойлойм. Кудай буюрса, бул сапаттан арылып, аны жеңгенге аракет кыла баштадым.

- Ырчылыктан сырткары алектене турган ишиң барбы?

- Жок. Окуу жана чыгармачылык менен чектелип келе жатам.

- Эмнеге муңдуу ырларды көп ырдайсың?

- Муңдуу ырлар менен чектелбейм. Абдан көп ырларды жаздырам. Анын арасында муңдуу, тойго ылайыктуу, шаңдуу чыгармалар бар. Бирок, эмнегедир алардын арасынан элге муңдуу ырларым көбүрөөк өтүмдүү болууда.

- Жашоодо кимге карап боюңузду түздөйсүз?

- Бекболат Тилейхан уулунуа карап өзүмдү түздөйм. Бул аганы көрүп, ал иштеп кеткен окуу жайга тапшырганым да бар. Бекболат аганын көп нерсесинен үлгү алам. 

- Кечиримдүүсүңбү?

- Пенде болгон соң көп нерсени кечирүүгө болот. Мен жашоодо кечиримдүүмүн.

- Эң маанилүү чечимдүү кимдин жардамы менен кабыл аласың?

- Эң биринчиден ата-энемдин жана менин чыгармачылыгыма тиешеси бар адамдардын жардамы менен чечим кабыл алам.

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости