www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Аккулу Бердиев үч кесиптешин кол тийбестиктен ажыратуу маселесин кийинки чакырылышка калтырууну сунуштады.

Ал адамдын башына кыйынчылык түшкөндө "жоопко тарткыла" деп уруксат бергенибиз туура эмес деген пикирин билдирди.

"Мурда Асылбек Жээнбековдун эшигин каккылап, бир кирип чыккандар өзүн бактылуу сезет эле. Азыр башына иш түшүп турганда КСДП да, башкасы да, баары качып кетти. Жардам берейин деген эч ким жок. Ошондуктан бул маселени алдыда келе турган жаңы депутаттарга эле калтыралы. Мен ал киши менен саламдашкан да, чай ичишкен да жокмун. Кандай болбосун мусулманчылыкка караганда "кечээ ким элең, бүгүн ким болдуң" деген сөз бар. Алар да кудайдын пендеси, башына оор иш түшүп жатат. Жыгылган адамды тепкилеген болбойт", — деди Бердиев.

Белгилей кетсек, башкы прокурор Курманкул Зулушев эл өкүлдөрү Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Бакыт Жетигеновду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү сураган.

Натыйжада анын сунуштамасын кароо үчүн жети депутаттан турган комиссия түзүлдү.

Жээнбеков менен Зулпукаров үстүбүздөгү жылдын июнь айында "Кумтөр" долбоорун ишке киргизүүдөгү коррупциялык иштерге катыштыгы бар деген шек менен кармалган. Алар учурда УКМКнын тергөө абагында.

Ал эми Бакыт Жетигенов бийликти басып алууга белсенген деген шек менен шайлоонун алдында кармалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости