www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КР президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин башкы катчысы Нурипа Муканова бүгүн, 1-декабрда өткөн маалымат жыйынында саясий партияларды добуш берүүнүн жыйынтыгын кабыл алууга жана элдин тандоосуна ишенүүгө чакырды.
Анын айтымында, Коррупцияга каршы ишкердик кеңеши үгүт кампаниясынын жүрүшүндө республиканын аймактарында жаңы шайлоо процесси, анын былтыркы шайлоолорго салыштырмалуу принципиалдуу айырмачылыктары тууралуу активдүү маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.
"Түшүндүрүү иштеринин негизги максаты – ар бир шайлоочу өз добушу менен өлкөнүн келечеги үчүн жоопкерчиликтүү экенин мекендештерге жеткирүү", - деди ал.
Мындан тышкары, коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин жетекчиси үгүт жана шайлоо өнөктүгүнүн эрежелеринин сакталышы боюнча мониторинг жүргүзүлгөндүгүн белгиледи.
"Биз шайлоо күнү туруктуу кырдаалды сактоого жана андан кийин баш аламандыктарды болтурбоо үчүн жооптуу болчубуз. Добуш берүүнүн жыйынтыгына макул жана каршы болгондор ар дайым болот, бирок өлкөгө туруктуулук керек экенин эске алып, саясий партияларды добуш берүүнүн жыйынтыгын кабыл алууга чакырам", - деди ал.
Жыйынтыгында Муканова Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин катчылыгы сурамжылоо жүргүзгөнүн, анда элдер шайлоо күнү өздөрү каалаган талапкерге добуш бере алышканын, эч кандай кысым көрсөтүү, добуш сатып алуу болбогонун көрүүгө болорун белгиледи.
Булак: NazarNews.kg