www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Акнет” иши боюнча айыпталуучулардын бири Ирина Лященко республикалык психикалык саламаттык борборунан чыгарылды. Бул тууралуу журналисттерге укук коргоо органдары билдирди.

Учурда Ирина Лященко Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында экендиги такталды. Ошондой эле, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту кылмыш ишин карай баштады. Экинчи айыпталуучу Евгений Боярский боюнча материалдар өзүнчө өндүрүшкө бөлүндү. Учурда ал издөөдө жүрөт.

Эскерте кетсек, “Акнет” интернет-провайдери 2018-жылдын ноябрь айынын аягында Экономикалык кылмыштуулукка каршы  күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын назарына илинген. Процесстин каралышына фирманын биргелешип уюштуруучуларынын биринин Каржы полициясына кайрылуусу себеп болгон. Ал өнөктөштөрдү кирешени төмөн отчетко чыгаргандыгы, ЖЧКдан акча чыгарып алгандыгы, жасалма келишимдерди түзгөндүгү жана башка мыйзам бузууларга айыптаган. Азыр компанияда топ-менеджерлердин жаңы командасы иштеп жүргөн чагы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости