www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар үчүн «Акниет» борборунда тарбиялык багыттагы «Үлгүлүү аксакал» сынагы өткөрүлдү.
Сынактын максаты — балдарга улуу муунду сыйлоону үйрөтүү жана адеп-ахлактык баалуулуктарга тарбиялоо.
Сынакка борбордун кызматкерлери катышып, өздөрүнүн өмүр баянын айтып беришти. Алар эмгек жолу, кесиптик тажрыйбасы жана жетишкендиктери тууралуу бөлүшүп, балдарга акыл-насаат айтып, турмуштан алган сабактарын айтып беришти.
Иш-чарага «Акниет» борборунун сүрөт ийриминин жетекчиси Таалайбек Мамбетов, өспүрүмдөрдүн тарбиячысы Күлүйпа Мусуралиева, тарбиячы Жыпаркул Назаркулова жана тарбиячы Апар Абдрахманова катышты.
Сынактын негизги максаты — балдарды тарбиялоо, туура жолду тандап, жакшы адам болууга багыт берүү жана шыктандыруу.
Мындай иш-чаралар балдардын руханий өнүгүүсүнө жардам берип, улуу менен кичүүнүн ортосундагы байланышты бекемдейт.