www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат эл үчүнбү же эл депутат үчүнбү?

Кыргызстанда депутат болууу — кызмат эмес, «олжо» болуп калгандай. Шайлоо бүткөндөн кийин элди унутуп, кабинетке бекем кирип алган эл өкүлдөрү коомду бул суроону кайра-кайра берүүгө мажбурлап келет: депутат эл үчүнбү же эл депутат үчүнбү?

Шайлоо маалында саясатчылар элге кызмат кылчудай көрүнүп, кулдай бүгүлүп, таазим кылышат. Айылга келет, чай ичет, көйгөйдү “Жүрөгүнө кабыл алгансып” сүйлөйт. Ал эми мандат колго тийгенден кийин ошол эле эл — керексиз факторго айланат. Телефон өчүк, кабыл алуу жабык, жоопкерчилик жок. Баягы эле Жогорку Кеңешти айланып, чырылдап жургөн элдерди көрүп келе жатабыз. Ошентип креслого жеткенден кийин эл өкүлү элден качкан деңгээлге жете баштайбыз. 

Депутаттык мандат — бул бийлик эмес, элдин аманаты. Бирок айрымдар аны коргончу калкан, бизнесин, тууган-туушкандарын, жеке кызыкчылыгын коргогон инструмент катары пайдаланып келет. Мыйзам эл үчүн эмес, өздөрү үчүн жазылгандай таасир калтырат.

Эң өкүнүчтүүсү — парламентте мыйзам талкуулоодон көрө шоулор, жеке чырлар, популизм көп. Элдин турмушу, баалар, жумушсуздук, миграция, билим менен саламаттык сактоо маселелери экинчи планга жылып калган. Кээ бир депутаттар үчүн камера, микрофон жана соцтармактагы ЛАЙК мыйзамдан да маанилүүрөөк болуп калды.

Бирок күнөөнү толугу менен депутаттарга оодара салуу да жеңил жол. Эл өзү добушун сатып, үнүн арзан баалап жатса — ал жерден сапаттуу депутат чыгышы кыйын. Акчага алынган мандат эртең элге кызмат кылбайт. Бул — мыйзам ченемдүүлүк.

«Эл кандай болсо — бийлик ошондой». Эгер шайлоочу жоопкерчиликсиз болсо, парламент да жоопкерчиликсиз болот. Бирок бул депутаттарга актоо эмес. Анткени эл ишеним берди. Ал ишенимди тебелөө — моралдык да, саясий да кылмыш.

Депутаттарга айтаар сөз кыска: Силер элди шайлаган жоксуңар — эл силерди шайлады. Бул мандат өмүрлүк наам эмес, убактылуу берилген сыноо. Эртең элдин да, тарыхтын да суроосу болот.

Ал эми элге айтаарым: Депутат кожоюн эмес. Ал — кызматчы. Сурагыла, талап кылгыла, жооп бердиргиле. 

Депутат эл үчүнбү? Ооба, болушу керек. Ал эми эл депутат үчүн жашабашы керек.

Последние новости