www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Учурда Орусиянын абактарында жаткан 1 210 кыргызстандык бардыгын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Былтыр бул сан 1 355 болчу. Быйыл 15-декабрга карата Кыргызстанга абакта жаткан 211 жаран өткөрүлүп берилген. Дагы 106 кишинин экстрадицияланышы күтүлүүдө. Былтыр экстрадициялангандар 117 киши болсо, 2023-жылы 74 жаран Кыргызстанга которулган.
Белгилей кетсек, Орусия Украинага каршы согуш ачкандан бери жабык жайларда жаткан мигранттарды, анын ичинде Борбор Азиянын жарандарын согушка азгыруу жүрүп жатканы айтылып келет. Буга чейин
Украинадагы согушта теги кыргызстандык кеминде 70 адам набыт болгонун айтылган. Алардын басымдуу бөлүгү кыргыз жарандары. Арасында кыргыз атуулдугунан тышкары орус паспортун алып жүргөндөр же Кыргызстанда туулуп өсүп, кийин толук Орусиянын жарандыгына өткөндөр бар. Украинанын “Хочу жить” долбооруна эле 100дөн ашуун кыргызстандык согушка кеткен жакынын издеп кайрылган.
Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев азыркы тапта Орусияда 377 миң кыргыз жараны миграциялык каттоодо турарын, жалпысынан бул өлкөдө Кыргызстандын 612 миң жараны бар экенин айткан.