www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Литва парламенти 2026-жылга мамлекеттик бюджетти бекитти. Ага ылайык, өлкөнүн коргонуу чыгымдары ИДПнын 5,38%ына жетип, 4,79 млрд евро болот. Бул быйылкы 3% көрсөткүчтөн дээрлик эки эсеге көп. 2030-жылга чейин коргонууга кеткен чыгымдарды 6% ИДПга жеткирүү пландалууда.

Мамлекеттик кирешелер 21 млрд евродон ашып, чыгашалар 27,5 млрд евро болот. Бюджет тартыштыгы ИДПнын 2,7%ын, ал эми мамлекеттик карыз 45,4%ын түзөт.

Социалдык тармакта да өсүш каралган. Орточо пенсия 750 еврого чейин көбөйөт, минималдуу айлык маяна 1153 евро болот.

Коргонуу багытында Германиянын 45-танк бригадасын жайгаштыруу улантылат. Учурда 500 жоокер бар, 2027-жылдын аягына чейин алардын саны 5000ге жетет.

Литва коргонуу чыгымдары боюнча Европа Биримдигинде биринчи орунга чыгып, Польшаны артта калтырды. Латвия менен Эстония да 2026-жылы аскердик чыгымдарын рекорддук деңгээлге көтөрөт.
Балтия өлкөлөрү өздөрүн Беларусь жана Россия менен чектешкен «ЕСтин алдыңкы чептеги мамлекеттери» деп эсептешет.

Последние новости