www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кызыл-Кыя ШИИБдин жашы жете электердин иши боюнча аймактык тескөөчүлөрү жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери шаардагы билим берүү мекемелеринде башталгыч класстардын окуучулары үчүн жол коопсуздугуна арналган конкурс уюштурушту. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Сынактын жүрүшүндө окуучуларга жол белгилерин таануу, коопсуз жүрүм-турум жана жолдон өтүү эрежелери боюнча суроо-жооптор, интерактивдүү тапшырмалар сунушталып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Бул иш-чара балдарда жол эрежелерине болгон жоопкерчиликти калыптандыруу жана кырсыктардын алдын алуу максатында өткөрүлдү.