www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия Федерациясында 2016-жылы катталган адам өлтүрүү фактысы боюнча козголгон кылмыш иши эл аралык конвенциянын негизинде Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген. Аталган иш 2025-жылдын 3-декабрында Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүндө катталган. Бул тууралуу  Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 

Тергөө материалдарына ылайык, Кадамжай районунун 45 жаштагы тургуну С.А. Москва облусунда чыккан уруш учурунда 1973-жылы туулган Т.Ж. аттуу жаранга бычак менен сокку уруп, анын өмүрүнө себепкер болгон.

Россия Федерациясынын тергөө органдары тарабынан шектүүнүн күнөөсү далилденген соң, кылмыш иши эл аралык укуктук жардам көрсөтүү тартибинде Кыргыз Республикасына жөнөтүлгөн.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгында шектүү С.А. Кадамжай районунун аймагынан Кадамжай РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

 

Последние новости