www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңешке беш-алты партия өтүшү мүмкүн, мындай божомолун вице-премьер, Шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын жетекчиси Акрам Мадумаров журналисттер менен жолукканда билдирди.

Андан парламенттик шайлоодо канча партия жеңишке жетет деп ойлоп жатканын сурашты.

"Бизде бир партия 65 мандаттан көп ала албайт. Беш-алты партия өтүшү мүмкүн. Бирок эми мунун баары шайлоочулардан көз каранды. Өзүңүздөр билгендей, азыр 16 партия катышып жатпайбы", — деди Мадумаров.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Бул күнү 3 миллион 523 миң 532 шайлоочунун добушун алуу үчүн 16 саясий партия ат салышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости