www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Парламентке билимдүү эле эмес, элеттин жашоосун түшүнгөн жарандар барганда гана жыйынтык чыгат. Бийликти элге кайтарып берүү - “Бир Бол” партиясынын негизги максаты”. Бул тууралуу “Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов Токтогул районунун эли менен жолугушуу учурунда билдирди.
“30 жылдан бери бийлик өкүлдөрү өз ара тирешүү менен алек. Мамлекеттин башкаруу системасы туура эмес калыптанып, бир ууч адамга гана кызмат кылууда. Бийликти жаңыча ойлонгон, билимдүү, эрки, духу бар жаштарга өткөрүп берүү убакыты келди. Мындай кадамга баруу үчүн шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизип, преференциалдык добуш берүүнү киргизүү зарыл”,- деди А.Сулайманов.
Преференциалдык добуш берүү аркылуу шайлоочу бир гана партияны эмес, партиянын тизмесиндеги белгилүү бир талапкерди тандап алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Көпчүлүк депутат болгон адамдар партиянын тизмеси менен келген, алардын билимине, жеке дараметине көңүл бурулбай жатат. Натыйжада мамлекетти башкарууга, мыйзам жазууга сабатсыз депутаттардын келишине шарт түзүүдө. Депутат деген бир кесиптин ээси эмес, ар бир аймактын, тармактын мыктылары болуш керек. Ошондо гана партиянын тизмесиндеги белгилүү талапкерди тандоо жеңил болот.
Ошондой эле Алтынбек Сулайманов өлкө бүгүнкү күндө заманбап, технологияны жакшы билген, чет өлкөлөр менен карым-катнаш түзүүгө деңгээли жеткен уул-кыздарга муктаж экенин баса белгиледи.
“Бир Бол” №13 - Жаратман күч!
“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү.