www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Арменияда эркектерге өлкөдөн чыгууга чектөө коюлду

Армениядагы аскердик абал режиминен улам бийлик 18 жаштан 55 жашка чейинки эркектердин өлкөдөн чыгуусуна чектөө койду. Бул тууралу Sputnik Армения Авиация комитетине таянып кабарлады.

"18 жаштан 55 жашка чейинки эркектер өлкөдөн аймактык аскер комиссариаттарынын уруксат кагазы менен гана чыга алышат", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 27-сентябрга караган түнү Армения менен Азербайжан чектешкен аймактагы өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах Республикасында жаңжал чыгып, таң аткыча аскердик кагылышууларга чейин жеткен. Мунун келип чыгышына тараптар бири-бирин күнөөлөп жатат. Армения да, Азербайжан да өз аймактарына аскердик абал жарыялаган. Баку алардын аскерлерине жана бир нече айылга Ереван тараптан миномёттор менен аткылоо болгонун айтып чыккан. 28-сентябрь күнү эртең менен эки тараптан тең жүздөгөн аскерлер жарадар жана каза болгону айтылган.

Эске сала кетсек, Карабах чыры 1988-жылдын февраль айында башталган. Анда Карабах автономдуу облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыгарын жар салган. 1992-1994-жылы куралдуу тирештин жыйынтыгында Азербайжан Карабахты колдон чыгарган. 1992-жылдан бери бул кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы (ЕККУ) Минск кеңешмесинин алкагында сүйлөшүүлөр жүрүп келет. Анда Азербайжан өз аймагынын бүтүндүүлүгүн көздөсө, Армения сүйлөшүүлөргө аралаша албаган Карабах Республикасынын кызыкчылыгын коргойт.

Ошондой эле кырдаал боюнча Россия ТИМи абалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча эки тарапты тең атышууну токтотууга чакырууда. Ал эми Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Азербайжандын тарапташы экенин моюндайт. Кыргызстан мүчөлүк кылган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму (ЖККУ) абалдын тынчтык жолу менен жөнгө салынышын көздөйт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости