www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Фарид Ниязов учурда Кой-Таш окуясы боюнча камакта отурат. Ал негизинен Атамбаевдин командасынан кетип калбай, жанында жүрүп алганы үчүн жазасын алып жатат десек да болчудай. Анткени, Фарид Ниязовго бир жыл мурда эле, бийлик тарабынан Атамбаевдин жанынан кетип калуусун же сыртка чыгып кетүүсү боюнча сунуш түшкөн. Бирок Ниязов ал сунушка макул болбой баш тартып жүргөн. Аңгыча Кой-Таш окуясы болуп кетип, ошонун шылтоосу менен камалып калды. Өзү өтө билимдүү, чектен ашынып чыкпаган, тынч жүргөн киши. Буга чейин Икрамга же башкаларга окшоп качып кетпеген киши, эми деле качпайт. Жашын, ден соолугун эске алып, үй камагына чыгарып коюшса деле болот. Түрмөдө деле бу кишини "Аксакал" дешип абдан сыйлашат экен...
Булак: "Ачык саясат плюс"