www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаардык милициясы 100 килограммдан ашуун баңгизатты колго түшүрдү. Бул тууралуу  Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы NazarNews маалыматтык агенттигине билдирди.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун Үч-Терек айылынан баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү үчүн шектүү катары 42 жаштагы, буга чейин үч ирет сот жообуна тартылган адам кармалган. Шектүү жашаган үйдү кароо учурунда жалпы салмагы 101 килограмм 335 грамм баңгизат табылган. Атайын экспертиза анда табылган баңгизат марихуана (кара куурай) экенин аныкталган.

Кармалган жаран Токтогул районунун аймагынан кара куурайду сатуу максатында өзү чогултуп жүргөндүгүн билдирген.

Аталган  факты, “Баңгизаттарды сатып өткөрүү максатында сактоо”-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости