www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ ооган качкындарын кабыл ала баштады

АКШ бийлиги үч апталык тыныгуудан соң ооганстандык качкындарды кабыл алууну жандантып, бүгүн 300 кишиден турган алгачкы топ Германиядагы Рамштайн базасынан Филадельфияга учуп кетти. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Авиакаттам сентябрда токтотулган. Оогандардын арасында кызылча оорусу күчөп кеткендиктен АКШнын медицина боюнча жетекчилиги рейстерди токтотууну талап кылган эле.

Авиабазанын командачысы Жошуа Олсондун айтымында, жакын арада АКШга күнүгө миңдин тегерегинде, жумасына 9 миңге чукул эвакуацияланган оогандыктарды жөнөтүп турууга жол ачылат.

Ушу тапта Кошмо Штаттардын аймагында 50 миң качкын баш калкалоодо, ал эми чет жактарда уюштурулган транзиттик лагердегилер он миңдеп саналары айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости