www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ аскерлери Афганистандан чыгарыла баштады. Буга АКШ менен “Талибан” радикалдык кыймылынын ортосундагы тынчтык келишими негиз болду. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар Пентагондун расмий өкүлүнө шилтеме кылып маалымдашты.

АКШ, Афганистан жана “Талибан” кыймылынын биргелешкен декларациясына ылайык америкалык аскерлердин саны 135 күндүн ичинде 8 миң 600 адамга чейин кыскарышы керек. Ал эми Афганистандын президенти Ашраф Гани жакын арада абактагы бир миңге жакын жикчилдерди бошотууга кол койгону жатат.

Белгилей кетсек, 29-февраль күнү АКШ жана “Талибан” кыймылы тынчтык процессин баштоо боюнча келишимге кол койгон. Бирок, көп өтпөй талибдер Афганистандын коопсуздук кызматына каршы чабуулдарын жандандырган. Анткени алар афган президентинен абактан миң эмес 5 миң адамды бошотууну талап кылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости