www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстанда президент Ашраф Гани жана аткаруу бийлигинин башчысы Абдулла Абдулла 9-мартта өз-өзүнчө инаугурация өткөрүп, өздөрүн президент деп жарыялашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Ашраф Гани менен Абдулла Абдулла

Белгилей кетсек, Ганини шайлоочулардын 50,64 пайызы колдоп, экинчи мөөнөткө шайланган.

Абдулла Абдулла болсо 39,52 пайыз добушка ээ болгон.

Эске сала кетсек, 2014-жылы өткөн президенттик шайлоодо да Абдулла Абдулла менен Ашраф Гани «ит жыгылыш» болуп калганда Кошмо Штаттардын ортомчулугу менен эки саясатчынын ортосунда бийлик бөлүштүрүлгөн.

Ашраф Гани президент, ал эми Абдулла Абдулла Бириккен улуттук өкмөттүн башчысы же башкы аткаруучу болууга көнүп, мунаса табылган эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости