www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Австралия, Индия, АКШ жана Япония мамлекеттеринин лидерлеринин катышуусунда өткөрүлмөкчү болуп жаткан “Коопсуздук жаатындагы Quad алкагындагы төрт тараптуу Саммит америкалыктардын мамлекеттик карызынан улам болбой калгандыгын» Австралиянын премьер-министри Энтони Албанезе ABC News телеканалынын эфиринде айтты.
"Кийинки жумада Сидней шаарында боло турган Quad саммити болбойт!”-деди саясатчы. Байден мамлекеттик карызды чечүүнүн келечегине баа берип жатат. Кечээ Джо Байден Австралия жана Жаңы Гвинеяга алдын-ала пландаштырган иш-сапарын өлкөсүндөгү кыйчалыш финансылык кырдаалдан улам токтотууга аргасыз болду. Американын финансы министрлигинин эсептөөлөрүндө июнь айында эле Конгресс карыз алуу лимиттерин кеңейтүүгө уруксат бербесе , Вашингтон өз милдеттенмелерин толук кандуу тейлей албайт. Мамлекеттик карыздар менен маселе тереңдеп кетсе АКШ Киевге “толук кандуу жардам бере албай калабыз" деп тынчсызданышууда.
Саммиттин өтүшү Сидней шаарына 23-24-майга белгиленген.
Булак: NazarNews.kg