www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын демократиялык жактан өсүшүнө кылмышкерлердин уюшкан тобунун аракети күч деген Дональда Лу башында турган АКШнын элчилигинин тараткан маалыматтары элди бир топ кыжаалат кылып койду. Биздин мамлекетте «кылмыш империясы» күчөп баратканы тууралуу бул маалыматты жокко чыгарып коопсуздук иштер боюнча ардагерибиз, учурда эксперт Таалайбек Жумадылов «Регион.kg» ге маек куруп берген.
«Регион.kg»: Дональд Лу Бажы тармагынын мурунку жетекчисинин орун басары Раимбек Матраимов менен криминалдык авторитета Камчы Көлбаевди «голливуддук спектакль» катары карап жазгандарына тергөөлөргө басым жасабасын үчүн баа берип КРнын ТИМи биздин ички иштерге кийлигишпөсүн түшүндүрүп баа берген. Сиздин оюңузча америкалык дипломат ар кандай шылтоо менен биздин ички иштерге кийлигишип жаткан жокпу?
- Бир жагынан алганда Дональда Лу тарабынан айтылган пикирлер абстрактуу болгону менен, кандайдыр бир адамдардын аттары айтылып жатканы туура эмес. Эгер АКШ элчилиги жалпы жонунан бизде кылмыш иштери күчөп кетти дегенге кылмыш иштери боюнча документтерге таянып, айтса жөндүү.
Бул жерде таң калууга болбойт. АКШ өздөрүн «бийиктиктин чокусу» катары сезишет, ошондуктан ар бир мамлекеттин ички иштерине кийлигишип, демократияны жана адам укуктарын үйрөткүсү келишет. Бирок, бул элди көңүлүн бура турган Вашингтондун көнүмүш декларациясы.
Себеби, мамлекетти башкаруу органдарында коррупция Кыргызстанда көп жылдар мурун жаралган. «Көмүскө экономиканы» пайдаланып алышып же «капчыктуулар» башкаруу үй-бүлөлөргө жана кландарга таасирин тийгизип жатат деген сөз Аскар Акаевдин да, Курманбек Бакиевдин да жана Алмазбек Атамбаевдин да тушунда болуп келген. Ошондуктан, коррупция менен ОПГ , биздин мамлекетте боло бериши мүмкүн. Бул жерде америкалыктар бул көйгөйдүү түп тамырынан бери жок кылабыз дегенсип кейкейип турушкандай.
Контрабанда – биздин кайнап турган турган экономикабызга бир үзүм болду. Жашыруун эмес биз аграрадык-индустриалдык мамлекеттен тез эле ар кимден кайыр сураган мамлекетке айландык. Факт боюнча «Кумтөр» деле жыргатып жиберген жок, анткени анын көпчүлүк пайдасы көмүскөдө калгандыктан, алар деле мамбюджетти оңдуруп жиберген жок.
«Регион.kg»: Эмне үчүн америкалык дипломаттар эми күчтөнүп, өздөрүнүн мытлтыгынын милтесинде кароого Раимбек Матраимовду алышты?
Алмазбек Атамбаев менен АКШ ортосундагы келишимдер бузулган соң, америкалыктар өз таасирин Кыргызстанда күчөөтүү аракеттерин кылып жатышат. Азыр бийлик алмашкан соң калкып чыккан маселелер Сооронбай Жээнбековдон булганыч нерсе таап чыгыш керек, бул үчүн бута учурунда Раимбек Матраимов болууда. Алар азыр боло турган мамлекет жетекчисин «музоо кезинде сүзүп коюшкусу» келүүдө. Бирок Сооронбай Жээнбеков, же Раимбек Матраимов мындай коркунучтарды алдын –ала сезишкен жок. Алар «Азаттык» үн алгысынын редакциясы, ушул иштерге киришип жатат деп жаңылып калышты, анткени аларга каршы АКШнын мамлекеттик департаменти иштеп жаткан.
Бул жерде кеп Матраимовдордо эмес, Орусия менен Кытайдын таасирлерин жок кылыш керек. Бул АКШнын Борбор Азиядагы стратегиясынын тегерегинде чыгып жатат. Душманы Орусияны жана геосаясий атаандашы Кытайды жок кылуу алардын башык милдети. Матраимовдордун үстүнөн түзүлгөн проблема Орусия менен Кытайга асылуу үчүн идеалдуу түзүлгөн.
АКШ кызгылтым революция түзөбүз деп Кыргызстанда бир ирет жаңылган, эми демилгени колго алгысы келип жатат.
«Регион.kg»: Кыргызстанды эми эмнелер күтүп жатат?
- Менин оюмча биздин мамлекетте башаламандыкты туудура беришине алар кызыкдар, ушундай ызы-чуудан улам алар геосаяий кызыкчылыктарын чечип алат. Конституциянын тегерегинде болуп жаткан ар кандйа ызы-чуулар бул жөн гана оюн. Вашингтон болгон арсеналын жасап жатат, ал элчиликтин жана ар кандай АКШны колдогондордун ушак кайрылууларын таратып жатат. «Соростун желдеттери» аталган, батыштан «жем» жеп көнгөн «НПОлорду» алдыга сала баштады.
«Регион.kg»: Эгер АКШ күнөөлөп жаткан адамдарды ушул кырдаалдарда соттоп сала турган болсо кандай болот эле?
- Америкалыктардын башкы максаты Раимбек Матраимовду каматып салуу эмес. Ал жөн гана чокуга чыгыш үчүн гана. АКШнын геосаясий максаты боюнча иштин бары башкада.
«Регион.kg»: Азыркы кырдаалдарды кантип сактаса болот? Боло турган жаңы катаклизмдерден эмне сактап калат?
- Кыргызстан чакан мамлекет, геосаясий жактан АКШ өз үстөмдүгүн орното берет. Шайлоо боюнча айтсак аларга карганда Орусиянын таасири күчтүү.
Которгон: NazarNews.kg