www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ дагы деле өз оюндагысын жасап, Кыргызстанда өзүнүн оюндарын улантып жатат. Бүгүн ММКларда АКШнын Финансы министрлигинин расмий сайтында жарыяланган, Райымбек Матраимовду "Магнитскийдин" тизмесине киргизилгендиги тууралуу маалыматтар тарады. Бул эмне болгон тизме? Аталган санкция тууралуу таптакыр түшүнүгү жок адамдар үчүн кыскача маалымат берели.
Бул тизме Россия Федерациясынын чиновниктери жана жарандары үчүн, атап айтканда, АКШнын пикири боюнча, жарандардын укуктарын бузган жарандар үчүн түзүлгөн тизме. Башкача айтканда, БӨУларга, бардык ЛГБТ-уюмдарына ж.б. ким каршы болсо. Бирок эмнегедир тизмеге Райымбек Матраимовду кошуп коюшкан. Бардыгына белгилүү болгондой, жакынкы өткөн убактарда эле Кыргызстандын аянттарында ЛГБТ коомчулугу активдешип, митингдерди уюштурушту. Алар АКШнын өзүнүн эрежелерин орнотууда дүйнө жүзүнө кеңири тараган ыкманы – коррупцияга каршы күрөш ыкмасын тандап алышты.
Жалпысынан алганда, «Реакция» кампаниясынын планында Кыргызстанда революция кылуу болчу, ал ийгиликтүү аяктады. Эми коррупцияга каршы күрөшүү ураанынын астындагы экинчи этап болуп (айтмакчы, бул топ жакшы күчтөнүп алышты) – бул Кыргызстандын ЕАЭБден чыгуусун талап кылуу. Ал эми бул көгөйдү чечип, дайыма көңүл чордонунда болуу үчүн алар «Референдумга каршыбыз» деген ураанды тандап алышкан. Көрүнүп тургандай, акыркы мезгилдерде АКШнын өкүлдөрү абдан активдүү болуп чыга келишти – бул АКШнын Кыргызстандагы элчиси, бейөкмөт уюмдары жана ар кандай активисттер. Айтор, ушундай абал. Биздин Кыргызстандын эли ушинтип сырттан башкарууга жол береби же дагы деле болсо союздаштар менен калуу жолун тандайбы, аны убакыт көрсөтөт.
Булак: NazarNews.kg