www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Камеко” кенге ээлик кылгандан кийин, “Кумтор голд компани”, “Кумтор оперейтинг компани” жана “Кумтор маунтинг компани” деген үч ишкана ачат. Бул бирин-бири кайталаган ишканаларды эмне үчүн ачышкан? Булардын Кыргызстандын экономикасына канчалык пайдалуу болгон? Ушул соболдор азыр деле актуалдуу. Анткени, биз дээрлик отуз жылдан бери чече албай келген коррупциялык элементтердин түйүнү ушул жерде болуп жүрбөсүн.
Назар салгыла. Негизги чарба, алтын өндүрүү иштерин “Кумтөр голд компани” жасайт. Анын Президенти А.Сазанов болгон. Бул жанагы директорлор кеңеши жоюлуп кеткен, Бишкекте катталган биргелешкен ишкана. Жанында эле “Кумтөр оперейтинг компани” иштеп жатты. Миллиондогон доллардын тагдырын дал ушул компания чечет эле. Алтындын “каймагын” калпыгандар ушулар. Башкача айтканда, Сазановдун үстүндө турган компания болгон. Башкасын эсептебегенде деле, бул компаниялардын айлыгына эле 5 миллиондой доллар сарпталып турчу. Мен учурунда, “Бирин бири кайталаган компанияны жоёлу”, - деп маселе көтөрүп чыкканмын. Кыргыздын мамлекет башчысы, Өкмөт башчысы компанияларды санын кыскартуу боюнча талап коюуга батына алган эмес.
Анан “Кумтөр маунтинг компани” дегени бар эле. Долбоордогу маанилүү болгон каржылоо жана иштин жүрүшүн көзөмөлдөө, уюштуруу функциялары ушул компанияга жүктөлгөн. Бул ишкана 1992-жылы 19-ноябрда Канаданын Торонто шаарында каттоодон өтүптүр. Юридикалык дареги: Канада, Саскачеван, Саскатун 2121 – 11 көчөсүндө жайгашыптыр. Мен бул даректи бекеринен белгилеген жокмун. Себеби, кийинки бөлүмдөрдө ушул дарекке байланышкан ишкана тууралуу сөз болот.
Эми сөздүн удулуна келсек, Кумтөр алтын кени боюнча долбоордун майлуу-сүттүү жагын дал ушул “Кумтөр маунтинг компани” компания тейлеп келген. Муну «Камеко» өзү көзөмөлдөгөн. Анан “Центерра голд инк.” компаниясын түзүштү. Ал дагы Канаданын Торонто шаарында катталган. Төртөө тең “Кумтөр” алтын кенинин эсебинен жан баккан, андан дагы кыргыз элинин мойнуна минген компания болуп эсептелет. Бирөөнү эле иштетсе, отчет алууга деле жеңил болот эле да. “Кумтөр голд компанини” гана калтырып, башкасын жоюш керек болчу.
Бул ишканалар өндүрүштү башкарууда канадалыктарүчүн өтө ийкемдүү, махинациялык ишти жүзөгө ашырууда ыңгайлуу болгон. Ага биздин Өкмөттүн тили өткөн эмес. Себеби, канадалыктар акырындап кен байлыкты башкарууну «Камеко» түзгөн структураларга өткөрүп алышкан. Ушундан улам кыргыз бийлиги чечим чыгарууга жана долбоорду жүргүзүүгө таасир бере албай калган.
Анан дагы белгилей кетүүчү жагдай, “Кумтор голд компани” ишканасын уюштуруудагы бир “сырды” “легендарлуу” парламенттин депутаттык комиссиясы таап чыкканы, Акаевдин “чекесине чыккан чыйкан” болгон десем жаңылышпаймын. Парламентти тезинен таркатууга себеп болгон факты ушул болгон го, деген бүтүмгө келем.
Себеби, Т.Чынгышев башкарган Өкмөттү “садагага” чабуу иштери парламентте илең-салаң жүрүп жатканда, Акаев демилгени колго алып, Өкмөттүн отставкасын талап кылганы, парламенттин тарашына «катализатор» болуп берди окшойт. Канткен менен парламенттик комиссиянын фактылары далилге бай болгон. Эгерде, «легендарлуу» парламент ушул «ишти» аягына чейин карап, калыс чечим чыгарышканда, «алтын тообуз» эл кызыкчылыгы үчүн иштеп калат беле?..
Ушул жерде бир кызыктуу фактыга назар салалы. Парламенттин депутаттык комиссиясынын корутундусунда, “Кумтор голд компаниясы” 1993-жылы 12-январда жабык типтеги акционердик коомдун түзүлүшү менен чындыгында Кыргызстандын «чоң алтын тоосу» менчиктештирилген десе болот. Анын уставдык фондусу 600 миң рублдейди, же 600 долларды түзөт. Ар биринин номиналдык наркы 50 рублей (25 тыйын) болгон 12 миң демейдеги ысымдык (именной) акцияларга бөлүнгөн. Ичинен Кыргызстанга 8 миң акция, ал эми “Кумтор майнинг компаниге” - 3999 тиешелүү. Ким бу ысымдык акциялардын ээси болгон - эч кимге түшүнүксүз. Эмне үчүн запасы боюнча дүйнөдө 7-орунда турган жана Кыргыздын улуттук байлыгынын уюткусун түзгөн жападан-жалгыз чоң алтын кени акционерлерге берилип, топ адамдын жеке менчигине айланышы керек. Келечекте акциянын көп бөлүгүн чет элдиктердин колуна өтүп кетпешине ким кепил болуп бере алат?..”деп ташка тамга жазгандай таамай жазылып турат. (Булак: ЖКнын стенографиялык отчеттон). Ошону менен бирге депутаттык комиссия Президентке маселени кабыргасынан койгон.
Чын эле акциялар кимге таандык болду экен? А балким, ошол ысымдык акциялар Акаевге, Сарыгуловго тиешелүүдүр! Көп жылдын бери калктын бүйүрүн кызытып келген «иттин өлүгү» ушул жерде жатпасын?..
Ушуга улай айта кетүүчү нерсе, Т. Чынгышев башкармалыктын мүчөсү болгон, Бирштейн башында турган «Вико» компаниясынын акциясынын 90%ы Кыргыз бийлигине таандык экенин депутаттык комиссия таап чыкпады беле. Ал акцияларга кимдер ээлик кылат болду экен? Бул суроонун жообу табыла элек. Тарых өз баасын берип, эл байлыгын тоногондордун жүзүн ачаар күн келээр.
«Камеко» компаниясы акчанын кулу болгон, ары жок кыргыз бийлигин алдап, кыргыз мамлекетин, кыргыз элин шылдыңдагансып, өз билгенин жасады. Башкы келишимде каралгандай, өндүрүшкө эч кандай инвестиция салышкан жок. Орой айтканда, кыргыз бийлигинин өзүнүн боткосун өзүнө жедирип, каймагын калпып кетти.
Себеби, макулдашуу боюнча канадалыктар Кумтөрдөгү 10070 гектар аянтты ээлеген “Борбордук”, “Сары - Төр”, “Түштүк-Батыш” участокторун алышып, ошол жердеги алтын кенин чет элдик банктарга күрөөгө коюшуп, кредит алышкан. Кредитке фабрика курушуп, техникаларды алып келишкен. Коомчулукка маалым болушу үчүн айта турган маселе - 400 миллион доллар суммасындагы кредит биздин алтыныбыздын эсебинен үстөгүменен толук төлөнүп берилген. Ошондуктан, алтын ылгоочу комбинат Кыргызстандын менчиги. «Камеконун» бир тыйыны кеткен эмес.
Айрым маалыматтарга караганда, канадалыктар кенди иштетүүүчүн 460 миллион доллар кредит алган. Алынган кредиттин 70%ы республикалык бюджеттен төлөнүп берилип, 30%ын канадалыктар төлөгөн экен. Эми ушундай ыкма менен иштеген компанияны инвестор деп айтууга болобу?!
А.Акаев башында турган кыргыз бийлиги муну билбей калды дегенден таптакыр алысмын. Анткени, алгачкы күндөн эле тар чөйрөнүн кызыкчылыгын көздөгөн Кумтөр кенинин долбоору канадалыктардын “басымы” менен ишке ашып келгени биздин коррупционер бийликтин шалаакы аракетинин кесепети деп түшүнүүгөболот. Демек, өз элинин жыргалчылыгына каршы иштеген жетекчилер качан да болсо жоопкерчиликке тартылып, жазасын алыш керек эле.
Маалымат Кубанычбек Исабековдун «Кумтөр» акталбаган үмүттөр" китебинен алынды
Булак: NazarNews.kg