www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаровдун кеңешчиси Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештен “Референдум өткөрүү боюнча” мыйзамды өткөрүп жатат. “Балкасы күчтүү болсо кийиз казык жерге кирет” дегендей бул мыйзам кабыл алынып, 10-январда президенттик шайлоо менен кошо башкаруу системасы боюнча референдум өткөрүлө турган болууда.

Бирок калктын колунда азыркы жүрүп жаткан чалдыкуйду саясатты, мыйзамсыздыкты токтотуу мүмкүнчүлүгү бар. Эгерде 10-январда калк Жапаровдон башка талапкерди шайлап алса, анда азыркы конституциянын негизинде иш жүргүзүүгө, мамлекеттин мыйзамдуулук, легитимдүүлүк жолуна түшүүсүнө жол ачылат.

Эгерде шайлоодо Жапаров шайланып калса, анда азыркы укуктук-мыйзамдык баш-аламандык дагы бир-эки жылга уланышы күтүлөт. Анткени шайлоодон кийин жаңы конституцияны кабыл алуу, ага жараша парламенттик, президенттик шайлоолорду өткөрүү сыяктуу сөзсүз аткарыла турган иштер турат. Мына ошолорго назар салып көрсөк:

Биринчиден, 10-январда референдумда башкаруу системасы тандалып алынса, анда ошого жараша конституция жазылып, ал конституция дагы бир жаңы референдумда кабыл алыныш керек болот.

Экинчиден, кабыл алынган конституцияга жараша кадамдар жасалыш керек болот. Эгерде президенттик система тандалып алынып, ошого жараша конституция кабыл алынса, анда жаңы президенттик шайлоо өткөрүүгө туура келет. Анткени 10-январдагы президенттик шайлоо азыркы конституция менен өтөт. Бул конституцияда президенттин ыйгарым-укуктары чектелген. Жаңы конституцияда президенттин ыйгарым-укуктары абдан кеңейтилиши күтүлүп жатат. Ошондуктан бул жагдайга байланыштуу жаңыдан президенттик шайлоо өткөрүү зарылчылыгы пайда болот.

Үчүнчүдөн, бул аралыктарда парламенттин тагдыры эмне болот? 10-январда шайланып келген президент парламенттик шайлоону жарыялайбы же “чимкириктер” менен ишти андан ары уланта береби?

Садыр Жапаров жана анын жандоочулары үчүн албетте “чимкириктер” менен бардык иштерди бүтүрүү ыңгайлуу болуп жатат. “Чимкириктер” өз кезегинде парламентте көбүрөөк отурганына ыраазы. Бирок бул мыйзамга каршылыгы, келечектеги конституциянын легитимдүүлүгү боюнча маселелердин ар дайым чыгуусу менен зыяндуу жана бул мыйзамдуулук, легитимдүүлүк талаасын дайым ууландырып турат.

Төртүнчүдөн, эгерде 10-январдагы президенттик шайлоодон кийин дароо парламенттик шайлоо жарыяланса, анда ал да азыркы конституция менен өтөт. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгын айтып берүү өтө кыйын. Жогорку Кеңешке ар түрдүү күчтөр келип, тынымсыз “ит жыгылыш” уланышы мүмкүн.

Бешинчиден, эгерде калк парламенттик башкарууну тандап алса, анда ага ылайык конституция жазылып, парламенттик шайлоо өткөрүү керек болот. Президенттик шайлоо болбойт. Анткени таза парламенттик системада президент жана өкмөт башчы парламент тарабынан шайланат. Президент церемониялдык гана милдеттерди аткарып калса, өкмөт башчы аткаруу бийлигинин башында болуп, эки-тизгин бир чылбырды колго алат.

Мына ошентип мамлекет эмки жылды жалаң шайлоо жана референдум менен өткөрө турган болууда. Бул арада экономика, кымбатчылыктан, жумушсуздуктан каржалып жаткан калктын абалы эмне болот?

Айданбек Акматов, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости