www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайлык «Гуанча» порталынын окурмандары АКШны Украинадагы кырдаалга байланыштуу риторикасы үчүн сынга алышты.

«АКШ өкмөтү экономикасын сактап калуу үчүн согушту эңсеп турат. Америка элине эпидемиядан улам келип чыккан тынчсызданууну басаңдатуу үчүн тез арада көбүрөөк драма керек. Байден өз позициясын сактап калуу үчүн кризиске абдан муктаж», - деп жазган колдонуучулардын бири.

«Фейк жаңылыктар эң жогорку деңгээлде - башка өлкөгө басып кирип, согуш баштаганы жөнүндө фейк жаңылыктарды жаратыңыз, андан кийин бул болбогон согушту токтотуу үчүн ордунан туруп, баатыр болуңуз!», -  дагы бир окурман кошулду.

Комментаторлордун айтымында, АКШ Чыгыш Европадагы кырдаалды курчуткан билдирүүлөрдү жасабашы керек.

«Украина коопсузбу же жокпу - муну украиндер гана соттой алат, Америка эмнени түшүнөт?», -окурман нааразы болду.

«Байден чөгөлөп, Путинден Украинага кол салууну суранып жатат»,, - дейт дагы бир колдонуучу.

Эске салсак, Киев жана Батыштын саясатчылары соңку айларда Орусия аскердик күчтөрүн Украинанын чек арасына жакын жайгаштырып жатканын айтууда. Бирок алар Кремлдин позициясын кошкон эмес. Аскер күчтөрү өзүнүн аймагында каалагандай жүрө алат, бул эч кимге коркунуч жаратып жана сестентпеши керек.

ТИМдин билдиргенине караганда, «орусиялык агрессия» жөнүндө билдирүүнү чек аралаш региондордо НАТОнун контингентин көбөйтүүгө шылтоо катары колдонуп жатат. Мындай айыптоо күлкү келерлик, ошол эле учурда кооптуу.

Ал арада АКШнын президенти Джозеф Байден НАТО, Батыш өлкөлөрүнүн, Евробиримдиктин лидерлери менен болгон видеоконференцияда Орусиянын Украинага «кирип барышын» 16-февралда болот деп жар салган. Бул туурасында Politico гезити өзүнүн маалымат булактарына таянып билдирген.

Анткен менен европалыктар Байдендин жогоруда айткан датасы жана чатактан четтеп кетүүгө болбой калды дегенине кошулган эмес. Ал эми аткаминерлердин бири ЕБ буга баш койбой тургандыгын билдиргени айтылды.

Материалда «америкалык көптөгөн аткаминерлерге» шилтеме берилгени бекемделип, Вашингтондун союздаштарына Орусия кол салуусу катарлашкан ракеталык соккулар жана кибератакалардын жаралышын айтканын билдирген. Байдендин маектештери америкалык чалгын кызматынын маалыматтарын ишеңкиребей кабылдаганын басылма белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости