www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германиянын канцлери Украинага келди

Германиянын канцлери Олаф Шольц Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушуу үчүн Киевге учуп келди. Ал мындан кийин Москвага барып, Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугаары күтүлүүдө.

“Биз Москвадан тез арада деэскалацияны талап кылабыз. Азыр Европадагы тынчтык үчүн олуттуу коркунучка күбө болуп жатабыз”,-деп жазган Шольц иш сапарынын алдында.

13-февралда АКШнын президенти Жо Байден менен Украинанын президенти Владимир Зеленский телефондон сүйлөшүп, украин-орус чек арасындагы чыңалууну талкуулаган. Байдендин администрациясы кабарлагандай, алар дале чыңалууну дипломатиялык ыкмалар аркылуу чечүүгө ыктап турушат.

Вашингтон мурда Орусия Украинанын чек арасына 100 миңдей аскерин жыйнады десе, учурда анын саны 130 миңге чейин жетти деп маалымдады. Киев Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун (ЕККУ) жыйынын 48 сааттын ичинде чукул өткөрүп Орусиянын аракеттерин талкуулоону демилгелеген. Украин тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба ЕККУнун Вена документи боюнча 11-февралдагы кайрылуусуна Москва жооп бербей жатканын айткан.

АКШ, Британия, Канада, Франция, Германия баштаган 30дай мамлекет мүчө болгон НАТОго Украинаны кошууну тездетүү маселеси былтыр жайда каралган. Мындан кийин Орусия Украинанын чек арасына 100 миңдей аскерин тартып, ага каршылык билдирген.

АКШ жана башка Батыш өлкөлөрү Москваны "чабуул жасаганга даярданып жатат" деп айыптаган. Чыңалуу жыл башынан бери курчуп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости