www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги студенттик виза берүү эрежелерине киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө байланыштуу түшүндүрмө берди.

Белгилей кетсек, өзгөртүүлөр буга чейин АКШнын Улуттук коопсуздук министрлиги тарабынан сунушталган.

“Америкалык студенттердин Кыргызстанда окуу үчүн жыл сайын виза алганы сыяктуу эле, виза алуу үчүн кайрылган кыргыз студенттери АКШда бир жылдык окуу үчүн жарактуу виза алышат жана жыл сайын визаларын узартуу үчүн АКШнын Бишкектеги элчилигине кайрыла алышат” – деп билдирди АКШ элчилигинин өкүлү Нолан Джонсон.

Ошол эле учурда, элчилик Мамлекеттик департамент сунушталып жаткан эреже өзгөртүүлөрү боюнча эч кандай түшүндүрмө берген жок деп белгиледи.

Эскерте кетсек, буга чейин АКШда кыргызстандыктар үчүн студенттик виза мөөнөтү эки жылга чейин чектелиши мүмкүн деген маалымат болгон. Тактап айтканда, АКШнын Ички коопсуздук министрлиги жаңы эрежени сунуштаган, ага ылайык, жарандар жана тийиштүү тизмедеги өлкөлөрдөн келген адамдар төрт жыл бою окуу талап кылынган университетте диплом ала албай калышат, анткени алардын студенттик визасы эки жылга гана жарактуу болот. Белгиленгендей, жаңы демилге тизмеге кирген өлкөлөрдүн жарандары  визаларынын мөөнөтү бүткөндөн кийин АКШда кала бериши менен байланыштуу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости