www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда сасык тумоого каршы сатып алынган вакцина толук колдонулганын Республикалык штаб кабарлады.

Маалыматка ылайык, биринчи этап менен препараттын 119 643 миң дозасы сатып алынып, аймактарга бөлүштүрүлгөн:

  • Бишкек шаары — 27 000 доза;
  • Чүй облусу — 24 000;
  • Ош шаары — 5 000;
  • Ош облусу — 18 000;
  • Жалал-Абад облусу — 17 643;
  • Баткен облусу — 9000;
  • Ысык-Көл облусу — 9000;
  • Нарын облусу — 5000;
  • Талас облусу — 5 000.

Учурда вакцинанын 118 682 дозасы же 99,2 пайызы колдонулду. Октябрь айында сасык тумоого каршы вакцинанын дагы 770 миң дозасы келери күтүлүп жатат.

Эскерте кетсек, республиканын бардык Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда жана фельдшердик-акушердик пункттарында тобокел тобуна киргендерге, ошондой эле социалдык аялуу катмардагы адамдарга сасык тумоого каршы акысыз вакцинация жасалууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости