www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Польшанын тышкы иштер министри Радослав Сикорский TVN24 телеканалына маек куруп жатып АКШ менен Ирандын созулуп кеткен согушунан улам Украина америкалык ракеталарсыз калышы ыктымалдыгын айтты.

Ал Трамптын НАТОдон чыгуу ыктымалдыгы тууралуу сөзү жана Киевге жардам кыскарат деген коркунучтан улам Брюссель санааркап жатканын кошумчалап, мунун баарын көз жаздымда калтыруу туура эмес экенин айтты.

- Альтернатива караштыруу зарыл. НАТО – биздин тирөөч, АКШ президентинин сөзүнө да маани бербей кое албайбыз, - деди Сикорский.

Белгилей кетсек, кечээ америкалык лидер Ак үйдө сүйлөп жатып, АКШ Украина жаңжалына катышпашы керек эле деген.

Ага чейин Financial Times өзүнүн маалымат булактарына таянып, Трамп эгер Европа Ормуз кысыгын ачтыруу боюнча коалицияга кошулбаса. Украинага курал-жарак жөнөтүүнү биротоло токтоторун айтып сес көрсөткөнүн жазды.

Последние новости