www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Нарын аймагында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү боюнча ишти аныкташты.
Мекеменин маалыматына ылайык, 1-апрелде ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө үч шектүү аныкталды. Алардын унаасын тинтүү учурунда баңгизат табылып, 1987, 1974 жана 1973-жылдары туулган жарандар Нарын ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси «Таратуу максатын көздөбөстөн баңгизаттарды мыйзамсыз даярдоо» боюнча кылмыш иши козголду.
Соттук-медициналык-химиялык экспертизалар дайындалды. Тергөө иштери уланууда.
Ички иштер министрлиги жарандарды мыйзамды сактоого жана баңгизатка байланыштуу кылмыштардан алыс болууга чакырат.