www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БУУнун баш катчысы Антонио Гутеррес менен Сауд Аравия жана Египет болсо келишимге колдоо берди.

Сирияда коопсуз аймактардын түзүлүшү үчүн кол коюлган келишим күн тартибиндеги ордун сактап жатат.

АКШ жана кээ бир сириялык оппозициячылдардан турган Жейшүл ислам тобу Ирандын кепил өлкө болушуна каршы чыкты. БУУнун баш катчысы Антонио Гутеррес менен Сауд Аравия жана Египет болсо келишимге колдоо берди.

Түркия, Иран жана Орусия тарабынан кол коюлган келишим менен Сирияда Идлиб аймагынын толугу менен Латакия, Халеп, Хама, Хомс, Чыгыш Гута, Дераа жана Кунейтра аймактарынын кээ бир жерлеринде коопсуздук аймактары түзүлөт. Бул аймактар алты айлыгына курулат, нааразычылык келбесе мөөнөтү узарат.

Бул аймактарда 6 – майдан баштап ок атышпоо ишке кирет. Орусия ок атышпоонун башталышы менен бул аймактардын  аба мейкиндиктеринин АКШ жана коалиция учактарына жабыларын эскертти. Москва айрыкча ок атышпоолор менен бирге кагылышуулар токтой турган аймактарга гуманитардык жардам берерин жана байкоочу жиберилерин да билдирди. Түркия, Иран жана Орусия беките турган үчүнчү тараптар да байкоо күчүнө кошула алат.

Булак:"trt.net.tr"

Последние новости