www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Эрдогандын АКШнын президенти Дональд Трамп менен боло турган алгачкы бетме-бет жолугушуусунда аймактык жана эл аралык темалардын каралышы күтүлүүдө.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын Америка Кошмо Штаттарына жасай турган сапардын алдында даярдыктар ылдамдады.

Эрдогандын АКШ сапарынын алдында башкы штаб төрагасы, армия генералы Хулуси Акар, Президенттиктин баш катчысынын орун басары жана басма сөз катчысы Ибрахим Калын менен Улуттук чалгындоо уюмунун төрагасы Хакан Фидан болуп АКШга жөнөп кетишти.

Президент Эрдогандын 15-17-май күндөрүнүн аралыгында жасай турган АКШ сапарынын алдында армия генералы Акар, Калын жана Фидан, АКШлык жооптуу кызматкерлер менен жолугушуп, алдын ала даярдык иштерин аткарышат.

Президент Эрдогандын АКШнын президенти Дональд Трамп менен боло турган алгачкы бетме-бет жолугушуусунда аймактык жана эл аралык темалардын каралышы күтүлүүдө.

Сапардын алкагында боло турган жогорку деңгээлдеги жолугушууларда эки тараптуу карым-катнаштар менен катар Фетуллахчы террор уюмунун колбашчысынын кайтарылышы, Сирия жана Иракта болуп жаткандар жана террор менен күрөшүү туурасында пикир алмашуусу көздөлүүдө.

Булак: "trt.net.tr"

 

Последние новости