www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ар бир адамга жамандыкты кечинен берсин. Бирок, жакынын жоготкон адам айрылуу менен кошо маркумду узатуу азабын да тартып, карайлап калат. Учурда маркумду узатуу да шаар ичинде кымбатка тураары эл ичинде айтылып келет. Ушул суроолорубузга жооп алуу максатында аза агенттигинин жетекчиси Болот Карамуратов менен баарлаштык.
Сиздерге караштуу канча көрүстөн бар? Кандай кызмат кыласыздар?
Жыл сайын Бишкек шаарынын муниципиалдык көрүстөнүнө эки миңдин тегерегиндеги маркумдардын сөөгү жерге берилет. Калгандары шаардын тегерегиндеги, Байтик, Көк-Жар, Маевка айылдарындагы көрүстөндөргө коюлат. Алар бизге карабайт, жергиликтүү бийликтегилерге карайт.
Бизге караган Чоң-Арыктагы күн батыш мүрзөсү, шаардын ортосунда жайгашкан Ала-Арча көрүстөнү, христиандардын мүрзөсү, анан дагы жабылып калган эки мүрзө бар. Азыркы учурда алтынчысы курулуп жатат. Ал Аламүдүн районун Гроздь айылында жайгашкан 44 гектар жер. Ал жердин курулуш иштери бүтүп калды. Акырындап иш баштады.
Өлгөндүн үстүнө көмгөн болуп, каза болгон адамды жерге берүү да өзүнчө көйгөй. Азыр маркумду узатуу канча турат?
Биздин муниципиалдык көрүстөндөрдө жер үчүн элден акча алынбайт. Көр казуу, сөөктү жеткирүү, орустарга гроб, кыргыздарга кепин сатылат. Керектүүлөргө бозүй, казан, титан арендага берилет. Сөөк коюуда эмне керек болсо, ошонун баарын бизден алышат. Ал эми карылар үйүндө каза болуп калган маркумдарды биз акысыз жерге беребиз. Ал үчүн бизге өкмөттүн социалдык коргоо кызматынан атайын акча бөлүнөт.
Учурда көпчүлүктү шаар четиндеги көрүстөндөрдө жердин кымбаттыгы кыжырдантат. Байтик, Көк-Жар айыл өкмөттөрү сөөк коюуга чоң акча талап кылышат. Ал жер ошол айыл өкмөтүнө караштуу болгондуктан, мыйзам боюнча ал маселени өздөрү чечет. Өздөрүнүн аймагынан канча салык сурашат – өздөрү билишет. Маркумдун ошол айылда каттоосу жок болсо, каалагандай акча талап кылышат. Ушул көйгөйлөрдүн баарын жоюу үчүн Жогорку Кеңешке өз мыйзамдарыбызды сунуштап келебиз.
Сөөктү өрттөп салуу сунушун киргизип жүрдүңүз эле?
Сөөктү өрттөп салуу сунушунун демилгечиси болдум. Бул мезгил талабы. Бирок, эки-үч жылдан бери муфтият, дин кызматкерлери менен эл менен сүйлөшүп жатып келишимге келе алган жокпуз. Биздин коом, биздин менталитет буга даяр эмес экен. Негизи сөөктү өрттөө эң керектүү нерсе. Ай сайын биз эки тоннадай биокалдыктарды, канчалаган селсаяктарды көмөбүз. Алардын агайын-туугандары жок, эч кимге кереги жок.
Андан тышкары, түрмөдөгү кургак учукка кабылгандар каза болот. Аларды туугандары албайт. Өкмөттүн эсеби менен көмүлүшөт. Селсаяктардын арасында эмне деген дартка чалдыккандары бар. Жугуштуу, венерикалык ооруга чалдыккандар бар. Аларды биздин кызматкерлерибиз Чоң-Арыкка алып барып жерге берет. Өз кызматтарын көргөзөт. Биологиялык калдыктар деген бар. Бул операциялардан кийин чыккан кол, бут, көз, кулак, аборттон чыккан калдыктар бар.
Ошолордун баарын биз коёбуз. Алар эмне үчүн кандайча каза болгон, буга эч кимдин башы оорубайт. Мунун баары Чоң-Арыкка коюлат. Күн жаайт, кар эрийт. Ошонун баары агып түшүп шаарды көздөй кетет. Тегеректеги үйлөр ошол жерден суу ичип, ошол сууга тамак жасашат. Балдар ойношот. Жемиш өстүрүлгөн жерлер сугарылат. Ал жемиштерди шаарга алып келип сатышат. Биз болсо ал жер-жемиштерди ырахаттанып жейбиз. “Бир күнү Африкадан чыккан ар кандай оорулар тарап кетпейт” деп ким кепил боло алат? Ошон үчүн мыйзам кабыл алуу керек. Элдин баарын эч ким зордуктап күйгүзбөйт.
Ар кимдин өз каалаганындай болот. Бизде көп улут өкүлдөрү бар, алардын каалоолору бар. Мисалы, башка өлкөгө көчүп жаткандар сөөктү да калтырбай алып кеткилери келет. Эгер сөөктү өрттөөгө жол берилсе, бир ууч топурактай кылып түйүп алып кете беришет. Мисалы, Германияга кетип калган немистердин туугандары бул жакта болот. Каза болгон жакынын алып кетейин десе Германияга киргизбейт. Өрттөп урнага салып келгенде гана киргизет экен. Алар анан Москвага алып барып өрттөшүп, андан ары Германияга учушат. Ага канча каражат, убакыт кетет?
Азыр аймактарга чыксаң жол бойлорунун баары эле көрүстөндөр. Буларды көзөмөлдөгөн адамдар болобу?
Туура айтасыз. Пансионатка кирип баратсаң оозунда көрүстөн турат. Чоң жол бойлорун тим кой, кичинекей жолдордун боюна чейин көрүстөндөр. Мындай болбойт да. Кайсы жерге сөөк коюуга болот, кайсы жерге болбойт – баарын иреттеш керек.
Эки жыл мурун Нарынга барсам, жолдун баары эле көрүстөн. Жумушум ошол болгондон кийин көзүмө дароо көрүстөндөр көрүнөт да. Бир айылдан токтоп намазканада отурган аксакалга “аксакал, эмнеге жолдун баары эле көрүстөн?” десем, “анан каякка коёбуз?» дейт. «Илгери адам баспаган, мал баспаган жерге коюлчу эмес беле?» десем, «койчу балам, ал жакка ким ташып жүрөт?» дейт. Келечек эмне болот эч кимдин иши жок. Биз Жогорку Кеңешке сунуштаган мыйзамдар ишке кирсе, ушунун баары иретке келет эле.
Булак: "Азия Ньюс"