www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай АКШны алардын Хьюстондогу консулдугун жабууну "күтүүсүз талап кылып жатат"деп айыптады. Бээжин мындай чечимди кескин сынга алды жана бул эл аралык мыйзамдарды бузарын айтып, тиешелүү жооп кайтарарын эскертти. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазыпшууда.
Маалыматка ыалйык, Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Ван Вэньбинь 22-июлдагы брифингде консулдукту 72 сааттын ичинде жабуу тууралуу Бээжинге шейшембиде гана кабарлашканын айтты.
"Кытай АКШны мындай туура эмес чечиминен чукул арада баш тартууга чакырат. Болбосо, Кытай буга жараша жана керектүү жооп кайтарат".
Ван ушул тушта консулдук адаттагыдай эле иштеп жатканын билдирди. Мунун алдында айрым жергиликтүү маалымат каражаттары дипломатиялык өкүлчүлүктүн короосунда документтерди өрттөп жатышканын жазып чыгышкан
Кытайдын Нью-Йоркто, Чикагодо жана Лос-Анжелесте дагы консулдуктары бар.
Вашингтон менен Бээжиндин алака-катышы быйыл бир катар маселелерден улам курчуп кетти.
Булак: NazarNews.kg