www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Чоң Казат” кыймылынын лидерлеринин бири Канат Хасанов президент Сооронбай Жээнбековдон адвокаттар менен жолугушуу өткөрүүсүн суранды. Мындай кайрылууну ал социалдык баракчасы аркылуу жолдоду.

“Урматтуу президент! Практик адвокаттар менен дагы жолугушуу өткөрүңүз, анткени бизди уксаңыз сиз үчүн абдан кызыктуу болот. Тергөө органдары тарабынан кандай мыйзам бузуулар орун алып жатканын жана прокуратура, соттор өз ишине кандай шалаакылык кылып жаткандарын көрсөтүп берет элек. Көрүп, билип туруп кылмышка жол берүүсү менен ири суммадагы жоготуулар болуп жатат, бул каражаттар бюджеттин ордун толтуруу үчүн абдан маанилүү”, - деп жазган Хасанов.

Ошондой эле ал президент эмне үчүн эле сот органдарына ишенерине кызыккан.

Эске сала кетсек, 21-июлда президент пандемия учурунда элге жардам колун сунган айрым ыктыярчылар менен жолугушкан. Жолугушууга барган кишилердин тизмеси талкуларды жана сын пикирлерди жаратууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости