www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн 22-июлда белгилүү журналист Улан Эгизбаевдин каза болгон күнү. Ал 2 жыл мурда дал ушул күнү кырсыктан улам көз жумган. Буга байланыштуу жубайы Сапаргүл Абдинабиева жолдошун эскерип, төмөнкүдөй билдирүү жазып чыкты:

"Бүгүн Улан арабыздан кеткенине 2 жыл болду. Ошол коркунучтуу күндү эстегим да, оозангым да келбейт. Сенсиз калган тирүүлүктүн жолу оор, сагынычтуу болсо да уланып жатат. Канчалык баарын убакыт жеңет дешкен менен, сенин өмүрүңө чыкпай калган КҮНдүн нуру, аптабы дале болсо бир жагымды өрттөп, куйкалап турат. Жашырганда эмне! Бирок сенин артыңда өзүңө окшош бир кичинекей өжөртайдын бар экенине рахматым чексиз. Аны көргөндөр “Уландын эле өзү экен уулуңар” деген сайын шерденип, сенин өмүрүң менин эле жанымда, аны менен уланып жаткандай кубанып алам... Көздөрүнө карап алдыда бизди жакшы күндөр күтүп турганына дагы даанараак ишенип, алаксып, эзилем... 

Баса, ал арада айылыңдамын, атам, апам, Белектай жакшы. Айыл, жашоо, өзүң курган короо жай баары ордунда. Бүгүн сага Куран окутабыз. Кечээ эжемдер менен боорсок жасап жатып “Ушул боорсокту тойго жасасак эмне?!” деп бир жашысак, “Белек сенин сүрөтүңдү ары-бери АТА деп көтөрүп жүрсө бир ыйлайбыз... Ар бир кыймылыбызда сени эстейбиз, Улан! Жарабыз айыга элек. Сени баарыбыз сагындык!", - деп жазган ал.

Эске сала кетсек, журналист Улан Эгизбаев Ысык-Көлдө каза болгон. Ал көз жумгандан кийин 2018-жылдын 10-октябрында жубайы уул төрөп, ысымын Белек койгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости