www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
21-июлда Президент Сооронбай Жээнбеков пандемия учурунда элге жардамга кол сунган 12 ыктыярчы менен жолукту. Бул жолугушууга чакырылгандардын арасынан көпчүлүк Алтынай Нарбаева, Ассоль Молдокматова, Мирбек Атабеков, Эрнест Бөрүбаевдерди көрүүнү каалагандарын ачык айтышып, себебин сурашкан.
Буга байланыштуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин кеңешчиси, ыктыярчы Эрнест Бөрүбаев жооп берди. "Президенттин эмес, Жараткандын тизмесинен чийилип калгандан сактасын! Тизмени түзгөндөр бизди тааныбаса керек. Бирок биз барсак чыныгы көйгөйлөрдү айтмакпыз", - деп жазган ал.
Эске сала кетсек, буга чейин Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева да тизмеден чийилип калганын айткан болчу.
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 21-июлда коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүгө көмөктөшүп жаткан ыктыярчылар жана жарандык активисттер менен жолугушууга төмөнкү ыктыярчылар катышкан:
— Тольбаев Бабур — меценат, «Мөл Булак Финанс» микрокредиттик компаниясынын жетекчиси;
— Шабданов Элдар -"Бирге« аттуу ыктыярдуу жардам боюнча координациялык борборунун өкүлү;
— Алтымышев Тынчтык — журналист, „Элден элге“, „Элдик медиктер“ ыктыярчы кыймылдарынын координатору;
— Гребнева (Даник) Наталья — „Руки любви“ коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү жана төрайымы;
— Жамгырчиева Айзада — журналист, теле алып баруучу;
— Кайратова Анжелика — меценат, коомдук ишмер, ырчы;
— Насыкулов Урмат — „Биз барбыз“ штабынын жетекчиси;
— Рыскулбеков Эркин — „Элим барсыңбы“ ыктыярчылар бирикмесинин өкүлү;
— Усубалиева Бермет — Кыргыз Республикасынын Кызыл Жарым ай улуттук коомунун өкүлү;
— Чолпонбаева Нуриля — „Поколение Best!“ коомдук бирикмесинин төрайымы;
— Муртазалиев Абдурахманхаджи — спортчу, ыктыярчы;
— Алмаз уулу Аскар — жаштардын демилгелүү тобунун өкүлү.
Булак: NazarNews.kg