www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ Президент Сооронбай Жээнбеков пандемия учурунда элге жардамга кол сунган 12 ыктыярчы менен жолукту. Бул жолугушууга чакырылгандардын арасынан көпчүлүк Алтынай Нарбаева, Ассоль Молдокматова, Мирбек Атабеков, Эрнис Бөрүбаевдерди көрүүнү каалагандарын ачык айтышып, себебин сурашкан. 

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева Инстаграм аркылуу берилген суроолорго төмөнкүдөй жооп берди:

“Кутман таң, замандаштар! Көп ойлондум, сиздер кабатырланып суроо узатыпсыздар, жооп берейин.Ар бириңиздерге: баамчыл, көрөгөч, баалоо, кадырлоо сапаттарыңыздарга, жүрөгүңүздөргө, сезимдериңиздерге таазим. Дегеним, кечээ ажобуз  Сооронбай Шарипович менен жолугушууга 12 ыктыярчы барыптыр, сүйүндүм. Жаштарга ак жол! Баарыңыздардан: “Бөрүбаев Эрнис, Нарбаева Алтынай кана?” деген эле суроолор. Биздин эмгек милдет эмес, инсандык, атуулдук парзыбыз! 

Биз чакырылбадык, уюштуруучулар деле, барган жаштар деле улууларды унутуптур. Менде андай сапат жашабайт, менден улуу биринчи, анан мен дейм, баарыңыздар күбө…. Капачылык жок… Мунун баары маданият. ”Аттан жыгылсак да, салттан жыгылбайт" кыргыз эли. Мен дебей, биз деген Кудайга да жагат.

Мен өтө жөнөкөй, карапайым аялмын, мугалиммин, ырчымын, бирок баарын байкайм, көрөм, ичимде калат… Мага ошол жөнөкөйлүк сапат куп жарашат, жагат. Өзүмдү ошол жөнөкөй жүргөндөн эргүү алам, толук кандуу сезем. Мен сахнада эмесмин, муктаж үй-бүлөгө, ооруп турган бир тууганыма жасанып баруу – өзү чоң КҮНӨӨ!!! Чоң сахнага 32 жашымдан чыктым, азыр 50дөн аштым. Аллага чексиз шүгүр. Кумурскадай эмгектенем, 15 жылдан ашты, репертуарыңды жаңылайсың, жылына отчеттук концерт берем, оңой иш эмес, чоң түйшүк.

Эмнегедир чет өлкөлөргө концерттер менен барууда, мамлекеттик концерттерде Нарбаева эч жазылбайт. Мурдакыларды айтпайын өткөндөгү Кытайга концерт, жакындагы Москвага…

Репетицияда катышасын, жөнөөргө 1 күн калганда тизмеден чийилесиң. Документтериң Ак үйгө жетет, кол коюлбай кайтат артка. Мунун баары өнөр адамына өтө оор. Ырдамак тургай, сүйлөбөй каласың, көңүлүң айларга, жылдарга өлөт. Жүрөк сыздайт. ”Кардыңа эмес, кадырыңа….”, “жакшы болом десең өлүп көр” деп, сөзсүз өлгөндө эске келебизби? Аллага шүгүр ден соолук бар экен, “эмгегим эл үчүн!” деп кыйналып, ооруп турган бир туугандардан кабар алууга муктажбыз! 

“АПАМ жана МЕН” фонду элибизге, журтубузга, мекендештерге ыраазычылыгыбызды айтабыз. КУДАЙЫМ буюрса, ынтымакта, кол кармашып ЖЕҢЕБИЗ!!! Менде баары жакшы кабатырланбаңыздар. Жеңилгенге, чийилгенге, чакырылбаганга түткөн жүрөгүм бар. Кудайыма, ата-энеме, мугалимдериме, устаздарыма миң рахмат! ЭЛДИН СҮЙҮҮСҮНӨН айрыбасын КУДАЙЫМ”, - деп жазган ал.

Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 21-июлда коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүгө көмөктөшүп жаткан ыктыярчылар жана жарандык активисттер  менен жолугушкан.

Мамлекет башчысы менен жолугушууга төмөнкү ыктыярчылар катышкан:

— Тольбаев Бабур — меценат, «Мөл Булак Финанс» микрокредиттик компаниясынын жетекчиси;

— Шабданов Элдар -"Бирге« аттуу ыктыярдуу жардам боюнча координациялык борборунун өкүлү;

— Алтымышев Тынчтык — журналист, „Элден элге“, „Элдик медиктер“ ыктыярчы кыймылдарынын координатору;

— Гребнева (Даник) Наталья — „Руки любви“ коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү жана төрайымы;

— Жамгырчиева Айзада  — журналист, теле алып баруучу;

— Кайратова Анжелика — меценат, коомдук ишмер, ырчы;

— Насыкулов Урмат — „Биз барбыз“ штабынын жетекчиси;

— Рыскулбеков Эркин — „Элим барсыңбы“ ыктыярчылар бирикмесинин өкүлү;

— Усубалиева Бермет — Кыргыз Республикасынын Кызыл Жарым ай улуттук коомунун өкүлү;

— Чолпонбаева Нуриля — „Поколение Best!“ коомдук бирикмесинин төрайымы;

— Муртазалиев Абдурахманхаджи — спортчу, ыктыярчы;

— Алмаз уулу Аскар — жаштардын демилгелүү тобунун өкүлү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости