www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги бул өлкөдөгү эмгек мигранттарына кайрылып, мекенге кайтууга азырынча шашылбоого чакырды. Элчи Аликбек Жекшенкулов бүгүнкү күндө элчиликтин, Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлүгүнүн сайттарында жана социалдык түйүндөрдө Россияда бош турган 4 миңден ашык жумуш орду тууралуу маалымат бар экенин айтты.

Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу туруктуу авиакаттамдар ачыла электигин, орус-казак чек арасы жабык турганын белгилеп, мигранттарды чыдамдуу болууга чакырды жана Орусиянын Казакстан менен чек арасына барбоого үндөдү.

Элчи мекенине тез арада кайтууга себеби жокторду кырдаал турукташканча кайтпай турууга чакырды.

Элчиликтин маалыматына караганда, 20-марттан 20-июлга чейин Россиянын 21 аймагынан 18 285 кыргыз жараны мекенине кайтты. Алар үчүн 74 авиакаттам жана Казакстандын аймагы аркылуу Оренбург, Самара облустарынан 52 автобус уюштурулган.

Элчиликтин 2019-жылдагы маалыматына караганда, Орусияда 1 миллион 200 миң кыргызстандык бар, алардын 500 миңдейи орус жарандыгын алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости