www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Вице-премьер-министр Аида Исмаилова ыктыярчы кыймылдын өкүлдөрү менен бүгүн, 22-июлда жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун катышуучулары мамлекеттик органдар тарабынан көмөк көрсөтүүнү талап кылган көйгөйлөр тууралуу, аймактардагы ыктыярчылардын ишин координациялоо зарылдыгы, call-борборго техникалык колдоо көрсөтүү, бизнес-коомчулук менен рентгенологиялык диагностика тейлөөлөрүнүн жеткиликтүүлүгүн талкуулоо, алыскы райондорду дары-дармек каражаттары менен камсыздоо, калкты эпидемияга каршы чараларды сактоо зарылдыгы тууралуу кеңири маалымдоо тууралуу айтышты.
Өкмөт жана ыктыярчылардан турган уюмдар COVID-19 илдетине каршы күрөштө мындан ары карай биргелешип иш алып баруу чечими кабыл алынды.
Булак: NazarNews.kg