www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Хьюстон университетинин окумуштуулары коронавирусту жок кылган аба чыпкасын иштеп чыгышканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, никелдик пенопласттан жасалган чыпка коронавирусту кармап, жок кылуу үчүн 200 градуска чейин ысытылат. Мындай чыпкадан өткөн аба бир эле вирус эмес, башка дагы көптөгөн инфекциялардан да тазалайт.

Галвестон улуттук лабораториясында жүргүзүлгөн буга чейинки эксперименттер абадагы вирустун 99,8 пайыздан ашыгын чыпкалаганын далилдеди. Ал эми вирус никель көбүгүн колдонуу аркылуу жок кылынат.

Изилдөөнүн авторлорунун бири профессор Жифенг Рендин айтымында, жаңы чыпка келечекте учактарда, поезд, аэропорт жана автобекетте, круиздик лайнерлерде, кеңселерде жана мектептерде колдонулушу мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости