www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Транспорт министрлиги чартердик каттамдар токтотулгандыгы тууралуу социалдык түйүндөрдөгү билдирүүлөрдү четке какты. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Мекеменин расмий сайтында каттамдар токтотулбаганы, болгону убактылуу алардын саны кыскартылганы белгиленген.

«Өлкөдө эпидемиологиялык абалдын жакшырышы менен суроо-талап жогору болуп жаткан багыттар боюнча каттамдардын саны кайра көбөйтүлөт», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Жаңы жадыбалга ылайык, каттамдар 10-июлдан 19-июлга чейин төмөнкүдөй тартипте аткарылат:

10-июль Сеул — Ташкент — Сеул (Korean airlines)

12-июль Санкт-Петербург — Ташкент — Санкт-Петербург (Rossia)

13-июль Сеул — Ташкент — Сеул (Asiana airlines)

13-июль Ташкент — Москва — Ташкент (Uzbekistan Airways)

15-июль Москва — Ташкент — Москва (Ural airlines)

16-июль Стамбул — Ташкент — Стамбул (Turkish airlines)

16-17-июль Ташкент — Нью-Йорк — Ташкент (Uzbekistan Airways)

19-июль Ташкент — Владивосток — Ташкент (Uzbekistan Airways)

Булак: NazarNews.kg

Последние новости